Камактагы саясатчылар ачкачылык акциясын баштайт

Сот Дастан Сарыгуловду ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке кагып келатат.
Image caption Сот Дастан Сарыгуловду ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке кагып келатат.

Бийликти күч менен кулатууга даярдык көргөн деп камалып соту болуп жаткан саясатчылар жабык сот процессинде толтура мыйзам бузуулар менен ээнбаштык болуп жатканы жөнүндө саясий билдирүү таркатышып, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отставкасын талап кылышты.

Алар өткөн тергөөнүн да, соңку уч айда болгон сот процесси да, ошондой эле күбөлөрдүн көрсөтмөсү да коюлган күнөөлөрдүн фальсификация, жалаа экенин, мыйзамсыз жана кылмышуу жол менен керектүү көрсөтмөлөрдү алыш үчүн кысым жана коркутуп-үркүтүү болуп жатканын билдиришкен. Алар ошондой эле 2016-жылдын 27-мартынан 5-апрелге чейин КТР жана башка телеканалдарда болгон көрсөтүүлөр жалган жана жасалма аудио жана видео материалдар экенин да белгилешкен.

Айрыкча, 70 жаштагы пенсионер, мурдакы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловго карата мыйзамсыздык катуу болуп жатканы айтылат. Сарыгуловго эч кандай негиз жок туруп, “мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча иш козголуп, бирок УКМКнын тергөө камагында жаткан 103 күндүн ичинде аны бир да жолу суракка алышкан эмес. “21-сентябрда кылмыш ишин жабышты, камакта кармоо түрүндөгү баш коргоо чарасын жокко чыгарышты, бирок ушул күнгө чейин аны УКМКнын СИЗОсунда кармап турушат”-деп айтылат билдирүүдө.

Камактагы саясатчылар Дастан Сарыгуловду камакта мыйзамсыз кармоонун чыныгы себеби анын Кумтөр долбоорунан алган суммаларын көрсөтүп, А. Акаевге каршы жазуу түрүндө көрсөтмө берүү талабы болгон деп жатышат. “УКМКнын чоң кызматтагы адамы Д. Сарыгуловго ага коюлган бийликти күч менен кулатуу жана мамлекетке чыккынчылык боюнча анын күнөөсү жок экенин айткан. Эгер Сарыгулов Акаевге каршы көрсөтмө берип, Кумтөрдөн алган көп миллиондогон параны көрсөтүп жазса, эки кылмыш иши тең жабылат, ал эркиндикке чыгат деп айтышкан”.

Соттун буга чейинки болгон он бир жыйынында 70 жаштагы пенсионердин эч кандай күнөөсү жок экени жөнүндө сотко 10 каршылык, 12 өтүнүч келтирилген. Бирок УКМК тарабынан оорулуу пенсионерге карата мыйзамсыздык фактылары токтой элек, буга Башкы прокуратура да көз жумуп келатат.

Бул билдирүүгө Бектур Асанов, Эрнис Карыбеков, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов кол коюшкан. Алар ошондой эле журналисттер жана укук коргоочулар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышып, бул талаптары аткарылбаса саясий ачкачылык баштай турганын эскертишти.

Тектеш темалар