Обама Трамптын президенттик ишмердүүлүгү тууралуу билдирүү жасашы мүмкүн

Обама менен Трамп шайлоодон эки күн өткөндөн кийин Ак үйдө жолугушуусу
Image caption Обама менен Трамп шайлоодон эки күн өткөндөн кийин Ак үйдө жолугушуусу

АКШ президенти Барак Обама президенттик кызматты Трампка тапшыргандан кийин ал Американын өзөктүү баалуулуктарына шек келтирсе, буга каршы өзүнүн оюн ачык айта турганын айтты.

Ак үйдүн салтына ылайык, президент өз ордун жаңы өлкө башчыга өткөрүп берип жатканда ал эч кандай билдирүү жасабашы керек.

Перу өлкөсүндөгү Лима шаарында өткөн Апек саммитинде Обама Трампка колдоо көрсөтөөрүн жана өнүгүү багытын аныктап алууга убакыт берерин билдирген.

Бирок ошол эле учурда өлкөнүн жараны катары айрым маселелер боюнча билдирүү жасаарын айтты.

“Мен жаңы администрацияны урматтоо менен тосуп алып, жаңы шайланган президентке саясий платформасын алдыга жылдырып алганга мүмкүнчүлүк бергим келет”, - деди Обама.

“Бирок эгер маселе биздин өлкөбүздүн өзөктүү баалуулуктары жана идеологиясына тийиштүү болуп, менин кийлигишүүм керек болсо, анда бул маселелерди мен сөзсүз карап чыгам”, - деп кошумчалады Обама.

Президент Обама өзүн “өлкөсүнө аябай кам көргөн Американын жараны” деп атады.

Азия-Тынч океандык кызматташуунун бүтүшүнө арналган саммитте Обама Жорж Буш тарабынан көрсөтүлгөндөй сый-урматты Трамптын администрациясына көрсөтөөрүн билдирди.

Буш Ак үйдү Обамага өткөрүп бергенде анын президенттик ишмердиги тууралуу эч кандай билдирүү жасаган эмес. 2013-жылы Обама биринчи жолу президент болуп шайланганда, Буш CNN телекомпаниясына маек берип жатып, “ой-пикиримди айтуу эчтекени өзгөртпөйт деп ойлойм”, деген эле.

“Бул өтө кыйын иш. Обаманын президенттик программасында көп иш жасалышы керек. Мурдакы президент жаңы президенттин ишин андан да оорураак кылып койбошу керек. Башка президенттер жаңы президенттердин иши тууралуу ой-пикирлерин билдирип келген. Мен болсо эч кандай билдирүү жасабай турганды чечтим”,-деген Буш.

Тектеш темалар