Путин АКШ менен алаканын оңолушун күтүүдө

Путин: "Шайлоо үгүт өнөктүгү менен чыныгы жашоодогу саясаттын ортосунда чоң айрыма бар".
Image caption Путин: "Шайлоо үгүт өнөктүгү менен чыныгы жашоодогу саясаттын ортосунда чоң айрыма бар".

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Москва менен алаканы жакшыртууга даяр экенин айтканын билдирди.

“Мен да мындай өзгөрүүлөргө даяр экенимди билдирдим”, - деди Путин Лимада өткөн АТЭК саммитинде. Орусиянын президенти Трамп менен жолугушуу качан болоорун айткан жок.

Дональд Трамптын президент болуп шайланышы тууралуу комментарий берип жатып, Путин “шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү менен чыныгы жашоодогу саясаттын ортосунда чоң айрыма бар экенин билдирди.

“АКШ дүйнөдө алдыда келе жаткан экономикага ээ болгондуктан дүйнөлүк экономиканын абалы АКШнын экономикасы кандайча өзгөргөнүнө жараша болуп, мамлекеттик карыз сыяктуу көйгөйлөрүн АКШ кандай чечээрине байланыштуу болот”, - деди Путин.

Путин Трамп шайлоону жеңип чыккандан бир нече күн өткөндөн кийин аны менен телефон аркылуу биринчи маегин 14-ноябрда өткөргөн.

Трамп шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда эгер шайлоодо жеңип чыкса, Орусия менен АКШнын алакасы оңолот деп бир нече жолу билдирүү жасаган.

2015-жылдын июнь айында президенттикке ат салышуу ниетин билдиргенде да Трамп Владимир Путин менен абдан жакшы алакада болоорун айткан.

Лимада өткөн АТЭК саммитинин алкагында Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обаманын ортосунда кыска жолугушуу болуп өттү.

Путин өзүнүн кесиптешине бир нече жылдан бери чогуу иштешип келгендиги үчүн ыраазылыгын билдирди.

“Арабыздагы баарлашуу оңой болгон жок жана бирибирибиз менен иштешүү оор болду десем да болот, ошентсе дагы бирибиздин позициябызга дайыма урматтоо менен мамиле кылганбыз.

Ак үй билдиргендей, саммиттин учурунда Обама Путинди Украина боюнча өз милдеттерин аткарууга жана Сирияда кан төгүүнү токтотууга чакырды.

Тектеш темалар