Германия соту “шариат полициясын” жоопко тарткан жок

Өз алдынча пайда болгон “шариат полициясы” 2014-жылы Вупперталда дүрбөлөң жараткан
Image caption Өз алдынча пайда болгон “шариат полициясы” 2014-жылы Вупперталда дүрбөлөң жараткан

Германиянын соту Вуперталь шаарында көчөдө өз алдынча кайгуул уюштурган жети жаран мыйзамдарды бузган эмес деп тапты.

“Кайгуулдун” аракети бул Германиянын батыш шаарынын жашоочулары арасында эки жыл мурда кыжырданууну пайда кылган. Алар саргылт түстөгү чыптамаларды кийип, ага “Шариат полициясы” деп жазып алышкан болчу.

Топтун мүчөлөрү түнкү клубдарга жана ресторандарга келгендердин алкоголдук ичимдиктерди ичүүсүн, музыка угуусун токтотууну талап кылышкан. Андан сырткары соода борборлорунда оюн автоматтарын акчага колдонууну токтотууну каалашкан.

“Шариат полициясынын” уюштуруучусу деп белгилүү ислам аалымы, исламдын ашкере консервативдүү салафий агымынын жактоочусу Свен Лау божомолдонууда.

Ага каршы иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Анткени Сирияда согушуп жаткан террористтик топту колдоого шектелип жаткан.

Image caption “Шариат полициясынын” уюштуруучусу деп исламдын ашкере консервативдүү салафий агымына кирген жактоочусу Свен Лау божомолдонууда

“Ислам кайгуулу” тууралуу фильм Германиянын мусулмандарынын борбордук кеңеши тарабынан сынга кабылган.

Вупперталдын райондук соту прокуратура аларга каршы мыйзам таба албагандыктан баарын коё берүүгө аргасыз болду.

Исламчыларды униформаларды саясий максатта колдонуу тууралуу мыйзамга ылайык жоопко тартканга аракет кылышты. Бирок сот айыпталуучулар бул мыйзамды униформа аскердик түргө кирсе же чочутуучу болсо колдоно алмакпыз деген чечим чыгарды.

Өткөн жылы ушул эле сот ишти жапкан, бирок жогорку инстанция өкүмдү жокко чыгарып, кайра кароого жиберген.

Азыркы чечим да кайра арызданууга жатат.

Элдин тышкы келбетин тескеген мындай “полиция” акыркы жылдары Европанын Лондон, Копенгаген, Гамбург өңдүү башка шаарыларында да байкалган.