АКШ: Европадагы жаңы жылдык майрамдарда теракт коркучу бар

Мамлекеттик департамент кол салуу жаңы жылдык көргөзмөлөр учурунда да болушу мүмкүн экенин айтууда
Image caption Мамлекеттик департамент кол салуу жаңы жылдык көргөзмөлөр учурунда да болушу мүмкүн экенин айтууда

АКШ мамлекеттик департаменти алдыда келаткан жаңы жылдык майрам учурунда Европа өлкөлөрүндө теракт коркунучу бар деп эскертти.

АКШ элине кайрылган билдирүүдө 'Ислам мамлекети' жана башка ага тектеш жихадчы топтор Европа өлкөлөрүндөгү жаңы жылдык майрам учурунда кол салуу планын түзүп жатканы айтылат.

“Ишенимдүү маалымат булагына таянганда, Ирактагы жана Левенттеги “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” жана алардын шериктери алдыда күтүлүп жаткан майрамдарды утурлай Европада теракт жасоону пландап жатат”, - деп жазылат мамлекеттик департаментинин кайрылуусунда.

АКШ жарандарына туристтик жайларды тандоодо, эл көп коомдук жайларга барууда этият болуу сунушу да айтылды.

Өткөн жекшемби Франция полициясы террордук чабуул жасоого даярданып жаткан жети кишини кармады. Өлкөнүн тышкы иштер министри бул “Ислам мамлекетинин” аракети деп атады.

Деген менен жума күнү Страсбургда дүйнөдөгү эң эски жана чоң жаңы жылдык көргөзмө өтөрү пландалып жатат.

Тектеш темалар