Трамп: АКШ Тынч океан кызматташуу келишиминен чыгат

Тынчтык океан кызматташуу келишине 12 өлкө кол койгон
Image caption Тынчтык океан кызматташуу келишине 12 өлкө кол койгон

Ал январь айында президенттик ишине киришкенде эң биринчи кандай кадамдарды жасай тургандыгы жөнүндө видео билдирүү аркылуу жарыялады.

Тынчтык океан кызматташуу келишими дүйнөнүн 40 пайыз экономикасын түзгөн 12 өлкө тарабынан түзүлгөн.

ТКК келишимине 2015-жылы Жапония, Малазия, Жаңы-Зеландия, Канада жана Мексика өлкөлөрү кол койгон, бирок бүгүнкүгө чейин ратификациядан өтө элек.

Аталган келишимидин максаты ага катышкан өлкөлөр арасындагы экономикалык алаканы бекемдөө болуп саналат. Бирок бул келишимге каршы болгондор анын купуя түзүлгөн жана ири корпорациялардын кызыкчылыктарына гана жооп берет деп сынга алышууда.

Дональд Трамп ошондой эле көмүр иштетүү тармагындагы жумуш орундарын азайтууну токтотуп, АКШ визасын алууда мыйзам бузууларга бөгөт коюуга убада берди.

Бирок Трамп видео аркылуу билдирүүсүндө Обаманын саламаттыкты сактоо боюнча саясатын жокко чыгаруу жана Мексика менен чек араны бойлогон дубал куруу тууралуу сөз кылган жок. Бул эки кадамды Трамп президенттик ишке киришээри менен жасай турганын шайлоо үгүт өнөктүгү учурунда айткан.

Эки жума мурдагы Трамптын көптү таң калтырган жеңиши АКШнын бир нече штаттарында каршылык акцияларынын чыгышына алып келди.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар