Түркия жашы жете элек балдарды зордуктоо боюнча мыйзамды чакыртып алды

Анкарада ири каршылык акциялар болуп өттү
Image caption Анкарада ири каршылык акциялар болуп өттү

Түркиянын премьер министри Бинали Йылдырым жашы жете элек кыздар менен жыныстык катнаш кылып, аларды аялдыкка алган эркектерди амнистия кылуу мыйзамын чакыртып алды.

Талаш-тартыш жараткан бул мыйзам парламентте акыркы добуштан өтө электе аталган өлкөнүн мамлекети чара көрдү.

Аталган мыйзам каршылык акцияларды жаратып, эл аралык уюмдар тарабынан айыптоого алынды.

Айрым адамдар бул мыйзам зордуктоолордун жана жашы жете элек кыздарды аялдыкка алуулуунун көбөйүшүнө алып келет деп сынга алышты.

БУУ агенттиктери Түркияны мыйзамды кабыл албоого чакырды. Анткени бул мыйзам өлкөнүн сексуалдык зордуктоого жана жашы жете элек кыздарды аялдыкка алууга каршы аракетине жолтоо болот деди алар.

Түркиянын мамлекети бул мыйзамдын максаты жашы жете элек кыздарды алган адамдарды кыздын үй-бүлөсүнөн макулдук алууга чакыруу деп билдирди.

Өлкөдөгү мыйзам боюнча 18 жашта үйлөнсө болот бирок Түркияда жашы жете элек кыздарды аялдыкка алуу кеңири тараган.

Тектеш темалар