Минадан набыт болгондор рекорддук көрсөткүчкө жетти

Йемен минадан мерт кеткендердин саны боюнча алдыңкы саптагы өлкөлөрдүн бири
Image caption Йемен минадан мерт кеткендердин саны боюнча алдыңкы саптагы өлкөлөрдүн бири

Минаны колдонууга тыюу салуу боюнча эл аралык кыймылдын чыгарган отчётуна ылайык, жер алдына коюлган жардыргычтан өлгөндөр акыркы он жыл ичиндеги рекорддук көрсөтүчкө жетти.

Аталган уюмдун маалыматына ылайык, 2015-жылы минадан мерт кеткендердин саны 5461ди түздү. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 75%га көптүк кылат.

Набыт болгондордун 2/3 бөлүгү катардагы жарандар. Ал эми 38% жаш балдар.

Минадан өлгөндөр жана жабыр тарткандардын басымдуу бөлүгү Афганистанда катталып, алардын саны 1310 адамды түздү. Андан кийин Ливияда 1004 адам, Йеменде 988, Сирияда 864 жана Украинада 589 адам жер астына коюлган жардыргычтан мерт кеткен.

Докладда белгиленгендей, 2015-жылы үч өлкө гана: Мьянма, Түндүк Корея жана Сирия бийликтери жер алдына мина койгон. Алардын эч бири минаны колдонууга каршы конвенцияга кол койгон эмес.

Минаны колдонууга тыюу салуу боюнча эл аралык кыймылдын эксперттеринин маалыматына ылайык, дүйнөдө мина жардыруулары көбөйүп жатканы менен, минадан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү жана чыгым кетирүү деңгээли төмөндөөдө.

Тектеш темалар