Трамп: “альтернативдүү оңчулдарга тиешем жок”

Трамп “альтернативдүү оңчулдар” тобуна байланышын четке какты
Image caption Трамп “альтернативдүү оңчулдар” тобуна байланышын четке какты

Дональда Трамп анын жеңишин фашисттик салют менен майрамдаган радикалдуу “альтернативдүү оңчулдар” тобуна байланышын четке какты.

Көп маселелерди талкууга алган New York Times гезитине берген маегинде жаңы шайланган президент “мен алар менен байланышым жок, алардын жасаган ишин айыптайм”, - деди.

Ал нео-фашисттер, анти-семитизм жана актар үстөмдүгүн жактагандардан турган бул топту шыктандыргысы келген эмес экенин билдирди.

Алтынчы күнү Вашингтон штатында микрофонго сүйлөп жаткан адам “Трампка даңк болсун!” деген ураандарын альтернативдүү оңчулдардын жактоочулары колдоп жатканы видеого тартылды.

Видеодо аталган топтун лидери Ричард Спенсер жыйындын катышуучуларына Америка актарга гана таандык экенин айтты. Ал актарды “күндүн балдары” деп сүрөттөдү.

Ал бул кыймылга каршы болгондорду “жерде басып жүргөн эң жийиркеничтүү адамдар” деп атады.

Ричард Спенсер “Трампка даңк, биздин элге даңк, жеңишке даңк!”- деген ураандарды кыйкырганда жыйында чогулган адамдар фашисттик салют берип колдорун көтөрүштү.

Алтынчы күнү өткөн каршылык акцияга көптөгөн адамдар келип, мамлекетке таандык Рональд Риган атындагы имаратынын айланасындагы көчөлөрдө тыгын жаратышты.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Трамптын шайлоону жеңип чыгышы актар үстөмдүгүн жактаган топту күчтөндүрүп коюшу мүмкүн деген кооптонууларды билдирди.

Меркелдин администрациясындагы мамлекеттик кызматкер “Трампка даңк” аталган видео аны кооптондурарын билдирди.

Бирок Трамп өзүнүн башкы стратеги Стив Беннонду колдоп, ультра-консервативдүү канаттын актар улутчул кыймылына байланышы бар деген жүйөлөрүн четке какты.

(UA)