Би-Би-Си булагы: Гүлнара Каримованын өлгөнү тууралуу маалымат жалган

Гүлнара Каримова экс-президенттин туң кызы (2013-жылдагы сүрөт)
Image caption Гүлнара Каримова экс-президенттин туң кызы (2013-жылдагы сүрөт)

Өзбекстандын экс-президентинин кызы Гүлнара Каримованын өлгөнү тууралуу маалымат каражаттарына чыккан билдирүүлөр чындыкка дал келбейт деп билдирет Би-Би-Синин өзбек кызматы.

Буга чейин Центр-1 деп аталган маалымат каражаты Өзбекстандын коопсуздук кызматына шилтеме кылып, мурдагы президенттин кызы, 44 жаштагы Гүлнара Каримова 5-ноябрда тамактан ууланып өлдү деген маалымат тараткан эле.

Деген менен Би-Би-Синин өзбек кызматы жана орус маалымат агенттиктери бул кабарлар туура эмес экенин айтууда.

Гүлнара Каримова Өзбекстандын буга чейинки президенти Ислам Каримовдун туң кызы. Ал атасынын көзү өткөндөн кийин бийликке келет деп айтылып жүргөн. Бирок бир нече жыл мурда ал саясий таасирин жоготуп, азырга чейин үй камагында кармалууда.

Маалымат булактары Гүлнара Каримованын азыр кайда экенин айткан жок.

Учурда Өзбекстандан келген маалыматты тактоо абдан кыйынга турууда, расмийлери болсо дале үн каткан жок.

Буга чейин президент Ислам Каримовдун каза болгону тууралуу маалымат биринчилерден болуп 28-августта жазыла баштаган. Бирок расмийлер көпкө чейин бул маалыматты тактоодон баш тарткан.

Акыры өзбек президентинин көз жумганы тууралуу официалдуу маалымат 2-сентябрь кечинде ачыкталган. Бирок ага чейин эле бир катар дүйнө лидерлери, анын ичинде Туркия президенти өзбек элине көңүл айтканы бар.

Тектеш темалар