Археологдор Египетте 7 миң жыл мурдакы байыркы шаарды табышты

Байыркы шаар өзүнүн храмдары жана башкаруучулардын күмбөздөрү менен атагы чыккан Абидостун жанынан табылды
Image caption Байыркы шаар өзүнүн храмдары жана башкаруучулардын күмбөздөрү менен атагы чыккан Абидостун жанынан табылды

Египетте археологдор жашы жети миң жылдан кем эмес байыркы шаардын калдыктарын табышты. Археологиялык казуулар болгон жерде имараттар, аспаптар, турмуш тиричилик буюмдары жана чоң-чоң күмбөздөр табылды.

Бул байыркы шаар Нилдин жээгинде, Абидостогу Сети I фараонунун храмынын жанынан табылды.

Эксперттердин айтымында, бул жерден табылган күмбөздөрдүн көлөмү анда коюлган адамдардын социалдык статусу бийик болгонун көрсөтүп турат.

Шаарда чоң кызматтагы адамдар жана гробницанын куруучулары жашаган деп болжолдонууда. Анын гүлдөгөн убактысы Байыркы Египеттин тарыхындагы баштапкы дооруна туш келүүдө.

Эксперттер, байыркы шаардын табылышы Египеттин туристтик индустриясын калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүт артып жатышат. 2011-жылы Хосни Мубарактын режими кулатылгандан кийин болгон окуялар өлкөдө бул тармактын начарлашына алып келди.

Байыркы шаарды казуу иштерин жүргүзүп жаткан археологдор бир катар кызыктуу табылгаларды белгилешүүдө. Мисалы, бүтүндөй сакталып калган имараттар, идиштердин сыныктары жана металл менен таштан жасалган ар кандай аспаптар.

Бирок Би-Би-Синин серепчиси Алан Жонстондун баамында, башкасынан да баалуу табылга - чоң-чоң күмбөздөрдүн табылышы болуп саналат. Алардын айрымдарынын көлөмү фараондордун храмдарынан да чоң.

Болжол менен шаардын тарыхы биздин доорго чейинки 5316-жылга туура келет деп жатышат. (KC)

Тектеш темалар