Кытайда электр станцияда кырсыктап 40 адам каза тапты

Курулуп жаткан муздаткыч мунаранын ичинде убактылуу конструкция кулап кеткен (сүрөттө Италиядагы окшош имарат)
Image caption Курулуп жаткан муздаткыч мунаранын ичинде убактылуу конструкция кулап кеткен (сүрөттө Италиядагы окшош имарат)

Кытайдын Цзянси провинциясында курулуп жаткан электр станциясында конструкция кулап, кем дегенде 40 адам каза болду.

Кытайдын Цзянси провинциясында курулуп жаткан электр станциясында конструкция кулап, кем дегенде 40 адам каза болду. Синьхуа агенттиги билдиргенге караганда, бул окуя жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат жетиде Фенчен шаардык округунда жайгашкан электр станцияда болду. Электр станциянын ичиндеги курулуп жаткан муздаткыч мунарасындагы убактылуу конструкция кулап, көп адамды басып калган. Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдө мыйрыйып калган металлдар, болоттон жасалган балкалар жана конструкциянын башка бөлүктөрү көрүнүп турат.

Куткаруучулар курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп жатышат. Жергиликтүү басма сөз каражаттары билдиргендей, кырсык учурунда мунарада 68 адам бар болчу.

Куткаруу операциясына жалпысынан 300дөн ашуун адам, анын ичинде 200 аскер катышууда. Урандылардын алдында калган адамдарды издөөдө атайын иттер жана дрондор колдонулуп жатат.

Кытайда курулуш жүрүп жаткан жерлерде өлүм-житимге алып келген окуялар маал-маалы менен болуп турат. Алсак, октябрдын аягында Хэйлунцзян провинциясында курулуп жаткан имараттын бир бөлүгү урап кеткенде үч адам курман болгон.

Бул окуядан бир канча күн мурда көп батирлүү үй кулап, сегиз адамдын өмүрү кыйылган. (UA)

Тема боюнча башка макалалар