Камактагы Эрнест Карыбеков Шавкат Мирзиёевге ачык кат жазды

Камакта отурган оппозиция өкүлдөрүнүн жакындары "Ак үй" алдына митингге чыгып, соттун ачык жана адилет өтүшүн талап кылышкан.
Image caption Камакта отурган оппозиция өкүлдөрүнүн жакындары "Ак үй" алдына митингге чыгып, соттун ачык жана адилет өтүшүн талап кылышкан.

УКМКнын тергөө абагында жаткан энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевге кат менен кайрылып, Ф. Парпиевдин Өзбекстандын Улуттук коопсуздук комитетине тикелей тиешеси бар же жогуна расмий түрдө ырастама алууга колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Анткени, аталган саясатчыны Өзбекстандын жараны Фарход Парпиев менен болгон байланышы үчүн мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптап, кармашкан. Эрнест Карыбеков өзүнүн ишинин актыгын далилдөө үчүн Өзбекстандын жетекчилигине кайрылгандан башка аргасы калбаганын белгилеген.

"Мен Борбордук Азия республикаларында суу-энергетика маселелерин чечүү жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыяланган макалаларымды электрондук почта аркылуу өзүмдүн досум, Кыргызстанда төрөлгөн, Өзбекстандын жараны Фарход Парпиев менен бөлүшүп койгонум үчүн гана мени Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 292-беренеси боюнча айыпташууда. Мамлекетке чыккынчылык боюнча менин күнөөмдүн бир дагы далили жок экенине карабастан, Кыргызстан менен Өзбекстан бир тууган мамлекеттер экенине карабай, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Парпиевди мени азгырган Өзбекстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери кылып көрсөтүп, 2001-жылы Өзбекстандын УККсына штаттан тышкары кызматкер болуп кирген, кийин "Узтрансгаз" компаниясына жөнөтүлүп, Өзбекстандын атайын кызматтарынын сырттагы чалгын операциялары үчүн пайдаланылган деп Кыргызстандын коомдук телеканалдары аркылуу жалган маалымат беришти",-деп жазат Эрнест Карыбеков өзүнүн ачык катында.

Аталган эксперттин ачык каты Мирзиёевге виртуалдык кабылдамасына жиберилгенин анын адвокаттары билдиришти. Бирок бул дарек негизинен Өзбекстандын жарандары үчүн гана ачылган. Ошондуктан Эрнест Карыбековдун ачык каты Өзбекстандын жетечилигине жетеби-жокпу, айтуу кыйын.

Эрнест Карыбеков "Борбордук Азиядагы суу проблемаларын жана суу-энергетикалык ресурстарды изилдөө институту" деп аталган Эл аралык коомдук фонддун төрагасы катары белгилүү. Ал ушул жылы 25-мартта камалган. Андан эки күн мурда оппозициядагы саясатылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов Аксыда Үңкүр-Тоого байланыштуу митингге баргандан кийин камалышкан. 13-июнда коомдук ишмер Дастан Сарыгулов камалган. Бирок ал 24-ноябрда үй камагына чыгарылды.

Бул саясатчылар "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн», «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген кылмыштарга шектелүүдө. Алардын үстүнөн сот иши Бишкекте жабык өтүп жатат.

Оппозициялык күчтөрдүн октябрда болгон курултайы бул саясатчыларды "саясий туткундар" деп атап, бийликтен алардын үстүнөн сот ишин ачык өткөрүүнү талап кылган.