Назарбаев бийликти балдарына мурастабайт

Назарбаев постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн башчыларынын ичинде эң узак бийликте турган президент болуп эсептелет
Image caption Назарбаев постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн башчыларынын ичинде эң узак бийликте турган президент болуп эсептелет

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү бийликти балдарына мурас кылып өткөрүп берүү жөнүндө ою жок. Бул жөнүндө Казакстандын башкаруучусу шаршембиде Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирген.

Нурсултан Назарбаев өзүнүн маегинде бийликти балдарына мурастап берүү жөнундө ою жок экенин, бийликти өткөрүп берүү жолу Конституцияда жазылганын билдирген. Бирок бийликтин мураскору жөнүндө айтууга даяр эместигин белгилеп, 2020-жылга чейин иштей турганын тактай кеткен.

Сентябрда Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева парламентке сенатка депутат болуп дайындалган. Анын ортончу кызы Динара Кулибаева күйөөсү менен өлкөдөгү көлөмү боюнча экинчи орунда турган банкты башкарышат.

Бир-эки күн эле мурда Казакстанда Мажилистин депутаттары өлкөнүн борбор шаары Астананы президент Нурсултан Назарбаевдин атынан атоо жөнүндө демилге көтөрүшкөн эле.Бир катар депутаттар Казакстандын биринчи президенти Назарбаевди Астана шаарынын негиздөөчүсү деп атап, дүйнөлүк тарыхтагы мисалдарга таянып, биринчи президенттин атын борбор шаарга берүүнү сунуш кылышты.

Мажилистин депутаты Павел Казанцевдин айтымында, Казакстандын борбор шаарынын атын өзгөртүү жөнүндө чечим бир айдын ичинде кабыл алынышы мүмкүн.Казакстандын Конституциялык Кеңешинин башчысы Игорь Рогов Конституциянын преамбуласында Назарбаевдин эмгегин белгилеп жазуу жөнундө депутаттардын башка дагы бир демилгеси бар экенин билдирип, аны референдумда талкуулоо керектиги жөнүндө айтууда.

"Мен адам, анын өмүрү , укуктары жана эркиндиктери жогорку нарк болуп саналган демократиялык укуктук свет мамлекетин куруу боюнча эл башынын курсунан кайтпай турганыбызды бекитип алууну сунуш кыламын',-деди Рогов.

Нурсултан Назарбаев Казакстанда 1990-жылдан бери президент болуп башкарып келатат. Постсоветтик мейкиндикте бийликте туруунун узактыгы жагынан рекордсмен болуп саналат.