Израилдеги өрт Хаифага жетип 80 000 адам үйүнөн көчүрүлүүдө

Өрттүн алоолонгон жалындары үйлөргө жетип, элдер үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда
Image caption Өрттүн алоолонгон жалындары үйлөргө жетип, элдер үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда

Жапайы токойдогу өрт Израилдин чоңдугу боюнча үчүнчү орунду ээлеген Хаифа шаарына өтүп, 80 000 адамдын үйлөрүнөн чыгып кетүүсү талап кылынды.

Өрт эки ай кургакчылыктан кийин чыгып, аталган шаардын түндүк тарабынан соккон катуу шамал менен күчөтүлүүдө.

Өрттүн Иерусалим жана Иордания дарыясынын түштүк жээгинде жайгашкан үйлөргө жетүү коркунучу бар.

Израилдин полиция жетекчиси бирөө атайын өрттөгөн деген билдирүү жасады. Өлкөнүн премьер министри Биньямин Нетаньяху мындай кылмыш терроризмге тете иш деп айтты.

“Өрттү баштаган ар бир кылмыш терроризмдей каралып, тиешелүү жазасын алышы керек”, деген премьер-министрдин сөзү Haaretz гезитинде жазылган.

“Израил өлкөсүнүн жерлерин өрттөө аракетин көргөн ар бир кылмышкер оор жазасын алат”.

Полициянын жетекчиси Рони Алшейк “эгер кимдир бирөө атайын өрттөсө, анда бул кылмыш саясий кызыкчылыктар менен жасалган десек туура болот”, - деди.

Издраилдин оңчулдар канатынын диний партиянын лидери, билим берүү министри Нафтали Бенет өрттүн чыгышында араб же палестиналыктардын тиешеси бар деген пикирин ортого салды. Ал твиттерде: “Бул өлкөгө таандык болбогон адамдар гана ушундай кылмышка барышы мүмкүн”, деп жазган.

Бул комментарийлер Палестина президентине караштуу Фатах кыймылдын лидердин ачуусун келтирди. Ал Израиль өрттү шылтоолоп палестиналыктарды күнөлөп жатышат деди.

“Биздин Палестинанын тарыхый жерлери жана дарактары күйүп жатат”, деди ал билдирүүсүндө.

Социалдык медиада араб тилинде #Израиль_өрттөнүп_жатат аттуу хештэг кеңири жайылып, бул окуяны жактырган адамдардын көптөгөн комментарийлери менен коштолууда. (UA)

Тема боюнча башка макалалар