Кубанын мурдагы президенти Фидель Кастро дүйнө салды

Фидель Кастро Кубаны дээрлик 50 жылдай башкарган
Image caption Фидель Кастро Кубаны дээрлик 50 жылдай башкарган

Кубанын мурдагы президенти Фидель Кастро 91 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын бир тууганы, өлкө президенти Рауль Кастро мамлекеттик телеканал аркылуу кабарлады.

Фидель Кастро Кубадагы социалисттик революцияны ишке ашырган лидерлердин бири катары таанымал. Ал аталган өлкөнү 50 жылдай башкарып турган.

Кастро үч жыл мурда маалымат каражаттарына жазган эскерүүлөрүндө 2006-жылы катуу ооруп калгандан кийин мынчалык узак жашайм деп ойлогон эместигин, катуу ооруга чалдыкканын түшүнгөндөн кийин бийликти бир тууган инисине, Рауль Кастрого эч тайсалдабай туруп өткөрүп бергенин жазат.

Би-Би-Синин Гаванадагы кабарчысы Сара Рэйнсфорддун маалыматына караганда, Кастро бийликти өткөрүп бергенден кийин эл алдына чыгып көп сүйлөбөй калган эле. Ал эми анын көшөгө артындагы таасири анча белгисиз бойдон кала берген.

Тектеш темалар