Кубада активисттер Кастронун өлүмүнө байланыштуу апталык жүрүшүн токтотту

Өлкөдө туулар түшүрүлүп, тогуз күндүк аза күтүү жарыяланган
Image caption Өлкөдө туулар түшүрүлүп, тогуз күндүк аза күтүү жарыяланган

Кубадагы эң белгилүү "Ак кийимчен аялдар" нааразылык кыймылы өлкө лидери Фидель Кастронун өлүмүнөн кийин, 13 жыл ичинде биринчи жолу салтка айланган нааразылык акциясын токтотту. Камалган диссиденттердин аялдарынан түзүлгөн кыймылдын мүчөлөрү, өздөрүнүн чечимин чыңалууну жаратпоо үчүн кабыл алгандарын түшундүрүштү.

"Өкмөт муну чагымчылдык катары эсептебеши жана алар эскерүүнү улантышы үчүн бүгүн жүрүшкө чыкпайбыз", -деп билдирди кыймылдын лидери Берта Солер.

"Биз башкалардын кайгысына урмат менен мамиле кылабыз жана кимдин өлүмү болбосун майрамдабайбыз",-деп кошумчалады ал.

"Ак кийимчен аялдар" бийликтин тыюу салганына карабай ар жекшембиде митингге чыгышат. Мурда өкмөт бул жүрүштөргө кескин мамиле жасабаганы менен соңку айларда полиция бул протесттерди чектей баштаган.

Куба бийликтери, өлкөдө саясий негизле камалгандар жок экенин ырастап келишет. Фидель Кастро ишембиде эртең менен көз жумган. Анын өлүмүнүн себебин расмий айтышкан жок. Куба лидери 90 жашта болчу. Мындан бир нече жыл мурун дарыгерлер анын ичегисинде оор кесел бар экенин аныкташкан.

Өлкөдө туулар түшүрүлүп, тогуз күндүк аза күтүү жарыяланган. Гаванада аза күтүүгө бир катар иш-чаралар болот андан кийин Кастронун табыты 1959-жылдагы революциянын жеңишин майрамдаган 'Эркиндик кербени' маршруту боюнча өтөт. Фидель Кастронун сөөгү Сантьяго-де-Куба шаарында жерге берилет.

Фидель Кастро ХХ кылымда дүйнө лидерлеринин ичинде эң узак мөөнөттө бийликте турган. 2006-жылы ал оорусуна байланыштуу өз кызматын бир тууганы Рауль Кастрого өткөрүп берген. (AK)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар