Колумбияда кулаган учактын майы жок калган.

Учактын экипажы электр приборлорунун иштен чыгып жана майдын жетишсиздигин билдирген.
Image caption Учактын экипажы электр приборлорунун иштен чыгып жана майдын жетишсиздигин билдирген.

Колумбияда дүйшөмбү күнү кулаган BAE Avro учагынын майы түгөнгөн.

Маалымат каражаттары учактын пилоту менен колумбиялык авиадиспетчердин сүйлөшүүсүнүн жазуусун алышкан .

Анда пилот электрприборлорунун иштен чыгып, май жетишсиз болуп жаткандыктан конууга бир нече жолу уруксат сураган.

Авиадиспетчер конууга уруксат берген. Байланыш аяктаар алдында пилот учак 2700 метр бийиктикте учуп бара жаткандыгын билдирген. Дүйшөмбүдө Колумбиянын Меделин шаарына жакын тоолуу аймакка учак кулап түшкөн.

Аэропорттун расмий билдирүүсүндө, экипаж кыймылдаткычта көйгөй болуп жатканын билдирген. Жергиликтүү маалымат каражаттары, майдын аз экенин жана чукул конууга аргасыз болгонун жазган.

Франс пресстин Колумбиянын куралдуу күчтөрүндөгү булагы майдын жетишсиз болгонун ошол эле учурда учакт жарылуу болбогонун көрсөткөн. Бирок майдын өз алдынча жок болушу күмөн жаратат.

Авиакырсыктын так себебин иликтөө бир канча айга созулушу мүмкүн. Мурдараак өлкө бийликтери учактын ичиндеги жазып калуучу тетикти тапканы белиглүү болгон.

Эскерүү акциясы

Авиакырсыктын кесепетинен 71 киши көз жумуп, 6 киши аман калган. Курман болгондордун басымдуу бөлүгү бразилиянын "Шапекоэнсе" футболдук кулбунун оюнчулары болушкан. Алар Сан-Паулодон Медельнге Түштүк Американын Кубогунун финалына учуп бара жатышкан. Аларды журналисттер да коштоп бара жаткан.

Меделиндин стадионуна ак кийинген эл чогулуп, колдоруна шам кармап авиакырсыктын курмандыктарын эскеришти

Ушул шаршембиде Меделинде да эскерүү акциясы болуп өттү. Ак кийимчен он миңдеген адамдар жергиликтүү стадионго чогулушту. Чогулгандар эскерүү белгиси катары колдоруна шам кармап турушкан.

Бразилияда бул кырсыктан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Тема боюнча башка макалалар