Фидель Кастронун тажыясына дүйнөлүк лидерлерден ким барат?

Орус президенти Владимир Путин, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Канаданын премьери Жастин Трюдо тажыяга барбашы анык
Image caption Орус президенти Владимир Путин, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Канаданын премьери Жастин Трюдо тажыяга барбашы анык

Фидель Кастро жарым кылымдан ашык эл аралык саясатка сөз жок аралашып жүрдү. Бирок анын ролу бери дегенде талаштуу эле. Эми дүйнө лидерлери бул революциячыны көмүү зыйнатына баруун же барбашты чечиш керек.

Натыйжада тажыяга келе турганын саналуу лидерлер гана билдирди. Көптөгөн мурдагы достору менен өнөктөштөрү ордуна өкүлдөрүн жөнөтмөкчү. Кубанын жада калса негизги өнөктөшү Кытай Кастрону көмүүгө Си Цзиньпин барып барбашын айткан жок.

Кармангандар

Image caption Евробиримдиктен бир гана Грециянын премьер-министри өкүл катары барат

Эки өлкөнүн мурдатан берки достугун эске алганда, Владимир Путиндин барбаганы таң калыштуу болду. Анын басма сөз катчысы Песков президенттин күн тартиби өтө жыш болгондуктан атайын өкүлү барат деди.

Тажыяга Барак Обаманын барбашы эч кимди деле таңыркаткан жок. Обама Эркиндик Аралы менен мамилени жөнгө салууга аракет кылган менен америкалыктар Кубадан качууга мажбур болушкан үчүн болгондо да теги кубалык Кастро аларга, жумшак айтканда, талаштуу инсан.

Азырынча Кубага америкалык өкүлдүн бараары арсар.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо команданты өлгөн үчүн кубалыктарга көңүл айткан саналуу батыш лидерлеринен болду. Бирок Кубага ал дагы барбайт.

Маркум менен тыгыз мамилесине карабай, Вьетнамдын президенти Чан Дай Куанг дагы тажыяга барбайт экен. Бирок Вьетнамда бир күндүк аза жарыяланат.

Image caption Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе Кастронун тажыясына бара турганын билдирген саналуу президенттердин бири

Кастрону “символикалык фигура” деп атаган Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кубага ордуна башка министрди жиберет.

Кубага бир нече латынамерикалык лидерлер барат.

Африкалык эки өлкөнүн президенттери да тажыяга бараарын билдиришкен.

Евробиримдиктен бир гана адам – Грециянын премьер-министри Алексис Ципрасты жөнөтүшмөкчү.(AK)