ЦРУнун башчысы Трампты Орусиянын убадасынан этият болууга үндөдү

Жон Бреннан кызматтан кетээр алдында Би-Би-Сиге интервью берди
Image caption Жон Бреннан кызматтан кетээр алдында Би-Би-Сиге интервью берди

Американын Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Бреннан Дональд Трампты Сирияга байланыштуу Орусиянын берген убадаларынан этият болуусун эскертти. Бреннан Би-Би-Сиге берген маегинде Сириядагы жайкын тургундардын өлүмүнө Башар Асаддын режими менен Орусия жоопкерчиликтүү деди.

Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Бреннан Трампты эскертип, өзөктүк курал боюнча Иран келишими бүтсө “катастрофа” болоорун жана бул “жеткен аңкоолук” экенин айтты.

Ал жаңы шайланган президентти ошондой эле Орусия тууралуу эскертип жатып, Сириядагы кыйынчылыктардын көбүнө Орусия күнөөлүү деди.

“Орусия операцияларды жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө көп учурда жергиликтүү элдин кызыкчылыктарын тебелеп, дайыма өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөй турган мамлекет. Ошондуктан президент Трамп жана жаңы администрация Орусиянын убадаларын шектенүү менен кабыл алышы керек деп ойлойм. Орусиянын буга чейинки убадалары бизге жыйынтык алып келген жок”, - деди Бреннан Би-Би-Сиге.

Дональд Трамп шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда Иран келишиминен баш тартуу, ошондой эле Орусия менен мамилени чыңдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан.

Бреннандын пикиринде, АКШ Сириядагы оппозицияны колдоону улантыш керек. Оппозиция Асаддын армиясына, Ирандын аскерлерине жана ливандык хезболла согушчандары менен орус аскерлерине каршы күрөшөт.

Ал Орусия Сирияда негизги ролду ойногон менен келечекте кандайдыр бир макулдашууга барышына ишенбейм деди.

Азыр Ирандын жана Орусиянын колдоосу менен Асаддын армиясы Алеппону козголоңчулардан бошотуу үчүн катуу согуш жүрүүдө. Бул күрөштө укук коргоочулар көп сандагы жайкын тургундар өлгөнүн айтышууда.

Бреннан ЦРУну төрт жыл башкарды, январда кызматтан кетет. Ал британ медиасына берген биринчи интервьюсунда жаңы администрация “акыл жана тартип” менен иш алып барчу айрым тармактарга токтолду. Алар - терроризм тууралуу сүйлөгөндө колдонулчу тил, Орусия менен мамиле, Иран менен өзөктүк курал келишими жана ЦРУнун өзүнүн жашыруун мүмкүнчүлүктөрү колдонулган жол. (АК)