Гулнара Каримованын уулу Ислам апасы тууралуу айтып берди

Гулнара Каримованын уулу Ислам Каримов
Image caption Гулнара Каримованын уулу Ислам Каримов

Би-Би-Синин өзбек кызматы Гулнара Каримованын уулу Ислам Каримов менен маектешип, алардын үй бүлөсүнүн тегерегиндеги окуялар боюнча сурады.

Би-Би-Си: Ислам айтсаңыз, азыр сиздин апаңыз кайда? Анын абалы кандай, дегеле ал кайсыл жерде турат?

Ислам Каримов: Ал азыр баштагыдай эле Яхья Гулямов көчөсүндөгү үйдө кармалып турат. Анын башынан эле ушул үйдө кармап турушкан. «Ал башка өлкөгө учуп кетти», «ал шаарды аралап жүрдү» деген каңшар кептердин баары жөн эле фейк болгон. Башкача айтканда, атайын кишилерди жалдап алып, апам сыяктуу кийинтип, шаарда жүргөндөй, унаа айдап жүргөндөй түр көрсөтүшкөн. Анын үйдөн эч жакка чыкпаганы бул факт!

Би-Би-Си: Ошондо аны үй камагында деп айтса болобу?

Ислам Каримов: Расмий түрдө үй камагында эмес. Ага эч кандай расмий айып тагылган эмес. Кайсыл иш боюнча, канча мөөнөткө эч ким айткан эмес. Ооба, бейрасмий түрдө эле үй камагында олтурат. Качан болгонун, ким кылганын, ал кандай магиялык күчтөр экенин эч ким билбейт жана түшүндүрүп берген жок. Эч кандай кол коюлбаган, соттун өкүмү жок эле А4 үлгүсүндөгү кагаз келген. Бул тайатамдын учурунда болду. Азыр эми анын көзү өтүп кетти. Үй камагы улантылат, же жаңыланат деп деле эч ким жарыялаган жок. Бул эми саясый кырдаал деп ойлойм.

Би-Би-Си: Расмий айыптоо болгон жок деп айтыңыз, демек соттук териштирүү болгон эмеспи?

Ислам Каримов: Анын үстүнөн сот болгон эмес. Анын досторунун жана фонддун кызматкерлеринин үстүнөн адвокаттарынын катышуусу жок, «кечинде сот болду, силер келбей келбей калдыңар» дегендей териштирүүлөр болгон. Эгер жаңылышпасам, териштирүү Аскер соту тарабынан коопсуздук кызматынын толук көзөмөлү менен өткөн. Сот болгон күндө деле көз карандысыз чечим чыгарат дегенге ишеним жок эле.

Би-Би-Си: Сиз өзүңүз үй камагындасыз деген чечимди көргөнсүзбү? Сизде ошол кагаз барбы?

Ислам Каримов: Менде анын копиясы болушу керек. Башында айтпадымбы, жөн эле А4 үлгүсүндөгү кагазга басылган эле. Биз азыр ошондой эле кагазгазды басак, экөөнүн эч кандай айырмасы деле болобойт.

Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан магиялык күчтөр кимдер деп ойлойсуз?

Ислам Каримов: Менимче, муну түшүндүрүү кыйын, бул бир эле киши эмес. Башында баарысы ага каршы бириккен. Азыр таятам каза болгондон кийин баары өзгөрдү деп айтсам болот. Ал учурда баары жакшы деп койсо, анда акыркы чечим бар болчу, сууруп чыгып кетмек. Бирок азыр үй камагын ким көзөмөлдөп жатканы, эмнеге милицияда эмес ал коопсуздук кызматында? Ошондой эле тайэнемдин кишилери, коопсуздук кызматынын 2-бөлүмүнүн кишилери жүрөт анын айланасында. Мунун баары көзөмөлдөгөн дагы бир кызыктуу подполковник бар. Бул киши анын камалашына кураторлук кылган. Ал келип моралдык кысым көрсөтөт деп айтса да болот.

Би-Би-Си: Апаңыз кармалып турган жерде шарттар, абал кандай?

Ислам Каримов: Ал өзүнүн кенен-кесири, толук шарты бар үйүндө кармалып турат деген жаңылыш пикир. Анткени башында эле үйдү жаап салып, аны эки-үч бөлмөлүү бөлүгүнө көчүрүп келишкен. Маселен, бир учурда силер төлөбөсөңөр биз тамак бербейбиз дешкен. Үйдү ачкыла биз силерге акча алып беребиз десе, үйдү ачпайбыз, акчаны кантип табыш ал силерди маселеңер дешип, мындайча айтканда түшүндүрүп берүүгө мүмкүн болбогон моралдык кысым жүрүүдө. Эгер киши кандайдыр бир жазасын өтөп жатса буга макул болмокмун, бул чегинен ашкан көрүнүш.

Би-Би-Си: Ага кирип-чыкканга болобу, кимдир бирөө кирип чыга алабы?

Ислам Каримов: Үйгө жакындаган, аны көргүсү келген ким гана болбосун аларды камакка алып, кылмыш ишин козгошот.

Би-Би-Си: А сиздин карындашыңызчы?

Ислам Каримов: Карындашым дагы ошол көчөгө барса бул жакка келбеңиз дешет, дарбазанын жанына турбаңыз, кетиңиз дешет. Ага айына бир жолу көрүшүүгө уруксат беришкен. Бул дагы ар дайым эле боло бербейт. Кээде эч кандай түшүндүрмөсү жок эле бүгүн сиздин күнүңүз эмес деп, жолкутурбай коюшат. Мунун баары коопсуздук кызматынын көзөмөлү менен болуп жатат. Жүз пайыз алардын кызматкерлери турушат. Эгер коопсуздук кызматы болбосо анда эменге алардын кызматкерлери башкаларды угушмак эле.

Би-Би-Си: Карындашыңыз азыр каякта жашайт?

Ислам Каримов:Карындашым "Түркстон" меймаканасында. Ушул жылдын февраль айында апамдан бөлүп ушул жерге жайгаштырышкан. Ал ээн-эркин кирип чыга алат. Бирок ал апамдан бөлүнүп эч жакка кетпейм деп жатат. Аны деле чет өлкөгө кетирип жибергилери келет. Эгер апама бирдеме болсо эч ким билбей калат да, жалгыз гана карындашым билет. Менин дагы апам менен түз байланышым жок.

Би-Би-Си: Сиз түз байланышым жок деп жатасыз, апаңыз туралуу маалыматтарды кайдан аласыз?

Ислам Каримов:Муну тушүндүрүү азыр татаал. Анткени мага жардам берип жаткан кишилерге зыян кылып коем. Анын айланасында эмне болуп жатканын түшүнгөн кишилер бар. Башында ал жердеги кишилерди атайын алмаштырып турушкан. Анткени ал жерде эки-үч ай болгон кишилер бул жөн эле үй камагы эмес, психологиялык, моралдык жактан адамды сындыруу жүрүп жатканын түшүнүшкөн.

Би-Би-Си: Демек ага жакшылык каалган кишилер, тарапташтары бар деп жатасыз?

Ислам Каримов: Ооба, бар.

Би-Би-Си: Эки жыл мурун сиз апаңыздын өмүрү коркунучта экенин айткан элеңиз. Азыр деле ошентип эсептейсизби?

Ислам Каримов: Азыр мунун баары курчуп жатат. Алардын планында анын көзүн жоготуу бар деп айта алам. Кандай жол менен экенин айта албайм, балким ууландырып коюшуп, башкаларды күнөөлөшү мүмкүн. Башкача айтканда алар анын чыгып кетишин каалашпайт. Анда мунун баары ачыкка чыгып, суроолор болот. Ага кимдир бирөө жооп бериши керек. Анткени акыркы эки-үч жылда биз эле эмес биздин тергегибиздегилерге да эмне болуп жатканына түшүндүрмө жок. Мыйзамду айыптоолор дагы жок.

Би-Би-Си: Азыр абал курчуп, өзгөрүп жатканын, баштагыдан да начарлап баратканын кантип далилдей аласыз? Эмнеден көрүп турасыз?

Ислам Каримов: Менин пикиримде негизгиси тайатамдын көзү жок. Мурда ага бирдеме болсо анын ачуусуна тийип албайлы деген маселе бар эле. Азыр эми анын тирүү кармап турган нерсе эле бул - биз эми 5-кылымда жашап жаткан жокпуз да элдер кырдаалды байкап турушат. Сиз дагы, баарбыз кырдаалды байкап турбасак, алар мурда эле планын ишке ашырмак.

Би-Би-Си: Сиз баарын айтып жатасыз, бирок ачылып айтпай жаткандайсыз. Сиз мунун баарын ким жасап жатканын билесизби?

Ислам Каримов: Ким экенин так айтуу татаал. Эгер мен бирөөнүн атын атап күнөөлөсөм, кандайдыр бир жаман нерсе болуп кетсе, ошону кылган адам кайра өзүмдүн сөзүмөн кармап, "ошол айткан, булар кылды" деп шылтап, башкаларга оодарып жибериши да мүмкүн. Бул кырдаалга көз салып турган турган беш киши барбыз - мен, карындашым, апам, тайэнем, тайэжем. Булар эгер коомчулуктун, эл аралык коомчулуктун көңүлү көбүрөөк бурулса, алар ал тирүү экенин көрсөтүп, далилдеши керек. Эсиңердеби, өткөн жылы чоң атамдын жүрөгү кармап калганы туралуу ушак кеп тарап, кийин ал казакстандык медиа өкүлдөрү менен жолугушуп, бир аптадан кийин ушак кептерди жокко чыгарышкан. Апамдыкы деле ошондой кырдаал. Анын каза тапканы туралуу ушак тарап, бирок анын тирүү экенин далидедеген ынанымдуу маалымат жок. Мен аны менен түз сүйлөшүп, үнүн укмайынча кантип ишенем. "Инстаграмга" менин карындашым менен сүйлөштү кылып чыгарып жиберишип, кайра алып салышты.

Би-Би-Си: Сиз карындашыңыз менен акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле?

Ислам Каримов: Карындашым менен 15-ноябрда кат алышканбыз. Кат аркылуу сүйлөшкөнбүз.

Би-Би-Си: Апаңыз менен качан сүйлөштүңүз эле?

Ислам Каримов: Апам менен өтө көп убакыт мурун сүйлөшкөм.

Би-Би-Си: Гулнара Каримованын атынан фейк акаунтар бар. Өзүнүн акаунту барбы?

Ислам Каримов: Азыркы учурда анын социалдык тармакта эч кандай барагы жок. Анын атынан "Твиттердеги", "Инстаграмдагы" барактар атайын түзүлүп, фотошоп аркылуу ар кандай сүрөттөрдү коюшкан. Интернетте аларды жасалма экенин далилдешкен. Мунун баарын ал жазып жаткандай таасир калтырып, жаман нерселерди жазышты бир гана туугандарына чабуул жасабай, анын атынан премьер туралуу пикир калтырышты. Бул жерден премьердин эмне тиешеси бар? Ал өзү камалып жатса премьер туралуу эмнеге жазмак? Мунун баары аны колдоочуларына, коомчулукка жаман көрсөтүү максатында болгон.

Би-Би-Си: Сиз тайатаңыз президент Ислам Каримовдун тажыясына эмнеге барган жоксуз?

Ислам Каримов: Мен барууну абдан каалагам. Мага тайатам, апам, карындашымдан башка жакын кишилер жок. Эгер мен барсам, биздин окуянын арты жакшылык менен бүтпөйт эле. Анткени буга чейин мен өзүмдүн жакындарыман, коопсуздук кызматкерлеринен эгер мен ал жакка барсам үчөөбүздү тең жок кылмак деп уккамын. Апам менен карындашыма булар тйибей турган себеби, алар ызы-чуу чыгып кетерин билип турушат. Эгер үчөөбүз тең ошол жерде болсок, баарыбыз жок болмокпуз. Анан беш-алты жылдан кийин бирдеме деп түшүндүрмө берип коюшмак. Мисалы, тоодон кулап кетишти дегендей.

Би-Би-Си: Демек бул сиздин кооптонууңуздан улам эле болгон, эч ким сизге келбе, сага мүмкүн эмес деп тыюу салган эмес.

Ислам Каримов: Келбе деп айткан эч ким болгон жок. Мен элчиликке чалып, учуп баргым келди. Чалган учурда барарым же барбасымды билген эмесмин. Мен түшүнгөндөй алар мени барышымды абдан каалашты. Алар дегеним менин апама кысым көрсөткөндөр. Эгер мен учуп барсам алар үчүн чоң белек кылмакмын. Маселе менин барган же барбаганымды деле эмес. Эмнеге Ташкентте туруп карындашым, Ѳзбекстанда туруп менин апам өмүр бою бирге жашаган өз атасынын коштосуу зыйнатына бара алган жок? Маселе ушунда. Биз муну эч качан түшүнбөйбүз.

Би-Би-Си: Сиз президент Каримов өзү сизден, кызы Гулнара Каримовдан жүз үйрүп кетти деп ойлойсузбу?

Ислам Каримов : Жок. Муну тайэнем, тайэжем, коопсуздук кызматы ушундай көрсөткүсү келип жатат. Алар эл арасында президент кызынан жүзүн үйрүдү, анткени ал мындай-тигиндей деген пикир жаратууда. Тайатамдын көзү өтүп кеткенден кийин коомчулукта президенттин экинчи кызы каякта деген суроо пайда болду. Эмнеге ал атасы менен коштошуу зыйнатында болгон жок, топурак салган жок дегендей. Ошондуктан булар эл арасындагы ага жан тартып жаткан пикирлерди жокко чыгаруу үчүн атасы мындан кечкен дегендей пикирди жайылтууга аракет кылышты.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар