АКШда өрттөн жана торнадодон ондон ашуун киши набыт болду

Өрттөн жана табигый курсыктан 100дөн ашуун үй жер менен жексен болду
Image caption Өрттөн жана табигый курсыктан 100дөн ашуун үй жер менен жексен болду

АКШнын түштүк-чыгышындагы штаттарда торнадо жана токой өртүнөн ондон ашуун киши курман болду.

Теннесси штатынын Гатлинберг шаарынын мэри Майк Вернердин маалымдашынча, Грейт-Смок-Маунтинс деп аталган улуттук паркта чыккан өрттөн куткаруучулар жети кишинин өлгөн денесин табышкан. Күчтүү болгон шамал парктагы өрттү ого бетер тутаткан.

Ал эми эки киши Теннессинин түштүгүндө орун алган торнадонун кесепетинен көз жумганы айтылууда. Андан сырткары, Алабама штатында да катуу шамал уланып, үчөөнүн өмүрүн алып, онго жакын кишини жарадар кылды.

Өрттөн жабыр тарткан аймакта жашаган миңдей киши башка жайга көчүрүлдү. Гатлинберг шаарынан 14 миң киши эвакуацияланды. Алардын көпчүлүгү үйлөрүнө кайта албай турушат.

Өрттөн жана табигый курсыктан 100дөн ашуун үй жер менен жексен болду.

Азырынча куткаруу иштери уланууда. Ошондой эле токойдогу өрттөн көз жумгандардын кимдиги такталууда дейт расмийлер.

Учурда өрттөн жабыркаан аймактарда жаан башталды. Бийлик өкүлдөрү жаанга аралаш шамал болсо, дарактар кулап, айрым электр зымдарын үзүп кетиши мүмкүн деп эскертүүдө. Анткени мындай учурда башка дагы өрт кырсыгы чыгышы ыктымал.

Токой өртүнүн чыгышына чейин бул аймак кургакчылыктан жабыр тартып келаткан.