Трамп "кутурган ит" Мэттисти Пентагондун башчысы кылат

Генерал Меттис чуулгандуу сөздөрү менен "кутурган ит" деген атка конгон.
Image caption Генерал Меттис чуулгандуу сөздөрү менен "кутурган ит" деген атка конгон.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн өлкө боюнча сапарынын жүрүшүндө Пентагондун башчысы кылып деңиз пехотасынын отставкадагы генералы Джеймс Мэттисти дайындай турганын билдирди.

"Ал баарынан мыкты", - деди Трамп Огайодогу Цинциннатиде сүйлөгөн сөзүндө.

Мэттис - «Кутурган ит" деген атка конгон. Ал көп ири аскердик операцияларга катышкан. Анын ичинде «Чөлдөгү куюн» операциясына, ошондой эле Афганистан менен Ирактагы аскердик операцияларга катышкан.

66 жаштагы генерал өзүнүн өтө чуулгандуу билдирүүлөрү менен аты чыккан. 2005-жылы Мэттис Афганистанда кээ бир адамдарды аткылоонун өзү куунак» деп айтканы үчүн сынга алынган.

Отставкадагы генерал Иранга ишенбеген маанай менен мамиле кыла турганы белгилүү.

Ал ошондой эле Россияны Крымдагы жана Украинанын чыгыш региондорундагы кырдаал үчүн сынга алган.

Генерал мындан сырткары Барак Обаманын администрациясынын Жакынчы Чыгыштагы саясатын да активдүү сынга алып келген.

Мэттис АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы кызматынан 2013-жылы кеткен.

Америкалык мыйзамдарга ылайык, АКШнын коргоо министри дайындалганга чейин жети жыл бою өлкөнүн армиясында кандайдыр бир кызматта иштебеши керек.

Демек, Конгресс бул чектөөнү алып салыш үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алышы керек, деп түшүндүрөт Ассошиэйтед Пресс.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар