АКШдагы токой өртүнүн курмандыктары 11ге жетти

Теннесиде жүздөгөн үйлөр жок болду
Image caption Теннесиде жүздөгөн үйлөр жок болду

Американын Теннеси штатындагы токой өртүнөн курман болгондордун саны 11 кишиге жетти. Ушу тапта бийлик Грейт-Смоки-Маунтинс улуттук бактын тегерегинде издөө иштерин жүргүзүүдө.

Токойдогу өрттөн аймакта бир нече жүз имарат, алардын ичинде үйлөр жабыр тартты.

Севи округунун мэри Ларри Уотерс бейшембиде үч киши курман болгонун билдирген. Куткаруу кызматы дагы бир адам өлгөнүн түнү кабарлашты.

Теннесидеги Гатлинберг шаарынын мэри Майк Вернер шаршембиде куткаруучулар өрттөн курман болгон жети кишинин денесин тапканын билдирди.

Уотерс издөө иштери жума күнү токтойт деди. Ал куткаруучулар башка сөөк таппайт деп үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Image caption Гатлинбергден 14 миңдей киши көчүрүлдү

Дүйшөмбү өрт улуттук Грейт-Смоки-Маунтинс багында башталып, туристтик Гатлинберг шаарына өткөн. Ассошиэйтед Пресс өрттүн башталышына адамдар себеп болгон өңдүү деп жазды. Бирок ал учурда аймакта катуу шамал болгон. Ага чейин кургакчылык байкалып жаткан.

Гатлинбергден 14 миңдей киши көчүрүлдү. Жума күнү шаар жашоочуларына мүлктөрүнө эмне болгонун карап чыгуу үчүн шаарга кайтууга уруксат берилет. Аймакта кеминде 700 имарат жок болду.

Теннеси менен Алабамада бул аптада дагы бир нече адам торнадодон өлдү. (АК)