Марс Сариев: Өзбекстан либералдуу жолго түшпөйт

Өзбекстанда 4-декабрда боло турган президенттик шайлоого 600 дөн ашуун эл аралык байкоочулар көз салат
Image caption Өзбекстанда 4-декабрда боло турган президенттик шайлоого 600 дөн ашуун эл аралык байкоочулар көз салат

Ушул жекшембиде Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо болот. Өзбекстандын бийликтеги либералдык-демократиялык партиясынын атынан премьер-министр Шавкат Мирзиеев президенттикке талапкер болуп шайлоого баратат. Кыргыз эксперти Марс Сариев Өзбекстандагы шайлоо алдындагы жана андан кийинки кырдаал боюнча Би-Би-Сиге ой-пикир бөлүштү.

М. Сариев: Өзбекстанда болуп жаткан шайлоо бул абдан маанилүү окуя, Кыргызстанга да таасири болот. Албетте, Шавкат Мирзиеёв президент болот. Себеби өзбекстандагы негизги кландардын баары компромисске келгени байкалып турат. Мен ойлойм шайлоо тынч өтүп, Мирзиеёв негизги кландардын баарынын компромисттик, күчтүү фигурасы катары келгени жатат.

Өзбекстандын ичинде 20 жылдан бери камакта олтургандар да акырындап чыгып жатышат. Азыр иш жүзүндө Шавкат Мирзиёевдин айланасындагы топтор Каримовдун учурунан бери топтолуп келген авторитаризмдин бууларын чыгарып, каршы электоратты ичинен жибитип жатат. Бул Хрyщевдун учурундагы жылымык саясатына окшоп кетет. Бирок канча убакытта либералдуу болуп кетээрин айтууу кыйын.

Би-Би-Си: Өзбекстанда Каримов куруп кеткен авторитардык режим президенттик шайлоодон кийин канчалык өзгөрүшү же жумшарышы мүмкүн?

М. Сариев: Өзбекстан чоң мамлекет болгондон кийин проблемалары да чон. Аймактык сепаратизм, ислам, жашыруун жүргөн радикал күчтөр жана башка да топтор бар. Ошондуктан либералдуу моделге өтүп кетээрине көзүм жетпейт. Мурдагыдай эле авторитаризм кала берет. Бирок ошону бир аз жумшарткан процесстер болот.

Би-Би-Си: Кыргыз-өзбек мамилесинде да жылыштар болууда. Топтоп калган чек ара сүйлөшүүлөрү кайра жанданды. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары бири-биринчи чакырып,барып келишти. Бул расмий Ташкенттин коңшулары менен болгон мамилени ондоп, ошону менен катар бул региондогу саясатты жаңыча жүргүзгүсү келип жатканын билдиреби?

М. Сариев: Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан менен мамилелер, албетте, жакшырат деп ойлойм. Себеби, Мирзиёевдин жанындагы топторго экономиканы көтөрүү керек болуп жатат. Себеби ал жактагы 30 млн адамдын жашоо деңгээлин көтөрмөйүнчө каршылыктарды азайтуу кыйын болот. Булар экономикалык керемет жасашы керек.

Фергананы, Бжезинский айткандай, Орто Азиядагы Балкан кылбай контрдолбоор түзүп, гүлдөй турган аймакка айлантуу керек. Наманган, Анжиян менен байланыштырып, бул жактан кыргызстандык ишкерлерди да тарткылары келет.

Мен президенттин алдында турган стратегиялык изилдөө институтундагы эксперттери менен да сүйлөштүм. Алар буга кызыкдар экенин ачык эле айтышты. Экономиканы көтөрүп, коңшулар менен кызматташтыкты өнүктүрүү керек деп жатышат. Камбар-Ата боюнча президент да айтпадыбы, Өзбекстан да үлүшкө кирип, көзөмөлдөп, саясий долбоор катары Россиянын рычагы болуп кетпей, Казакстан, Өзбекстан менен бирге курсак жакшы болмок. Ошонун баары жакшы өнүгүп кеткенге шарт түзөт.

Ошентип, чек ара маселелери да акырындап чечилет. Мен ойлойм, бул узак мөөнөттүү долбоор. Бул пиар өнөктүк эмес. Чын эле алардын ошондой пландары бар. Байкасаңар алар Россия менен бир млрд долларга айыл чарба продукциясын сатууга келишим түзүп коюшту. Бажы союзуна кирсек да бизде андай мүмкүнчүлүк жок.

Россия менен да мамилесин байкасаңар, БУУда Крым боюнча добуш бергенде Кыргызстан, Тажикстан колдогон жок, Өзбекстан колдоп берди. Ошондуктан алар биз менен да, Россия менен да мамилесин жакшыртууга умтулуп жатат. Андан сырткары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу да курулуп баштаса, эки ортодогу мамилелер келечектүү өнүгөт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар