Ѳзбекстанда президенттик шайлоо өтүүдө

Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүүдө
Image caption Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүүдө

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 6:00дө өлкө боюнча 9 миңден ашуун шайлоо участкалары ачылды. Ѳзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей жалпы катталган шайлоочулардын саны 21,4 млн. кишини түзөт.

Президенттикке төрт талапкер ат салышууда - президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев, Өзбекстан демократиялык партиянын талапкери Хатамжон Кетмонов, 'Акыйкат' партиясынан Нариман Умаров, Олий Мажлистин вице-спикери Сарвар Отамурадов.

Ѳзбекстандагы мөөнөтүнөн мурун шайлоо президент Каримов каза тапкандан кийин жарыяланган. Ал 2-сентябрда 78 жашында жүрөк илдетинен каза тапкан эле. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча 20:00гө чейин уланат. Шайлоо өттү деп эсептелиши үчүн шайлоочулардын 33% добуш берүүгө келиши керек. Шайлоого бир катар уюмдардын жана өлкөлөрдүн байкоочулары көз салууда. Анын ичинде Кыргызстандан да байкоочулар барганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков, Улуттук илимдер академиясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган делегация Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жүрүшөт.

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочуларынын арасында Кыргызстандын парламентинин өкүлдөрү Искендер Матраимов, Алмазбек Акматов, Айтмамат Назаров, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Назарали Арипов, Акылбек Эшимов дагы Ѳзбекстандагы шайлоого көз салууда. Тышкы иштер министрлиги алар Ташкент шаарынан тышкары Анжиян, Фергана, Наманган, Самарканд, Кашкадарыя облустарындагы добуш берүү жараяндарына көз салышарын билдирди. Шайлоодон кийин маалымат каражаттарына эл аралык байкоочулардын катарында маалымат беришет. (AA)