Шайлоодон кийин Ѳзбекстанды эмне күтөт?

Image caption Божомолдорго караганда шайлоону Шавкат Мирзиёев утуп чыгат деп айтылууда

Шайлоодон кийин Ѳзбекстанды эмне күтөт?

Ѳзбекстанда президенттик шайлоо өтүүдө. Мурдагы алмашкыс лидер, өлкөнү 25 жыл башкарган Ислам Каримовдун тушунда өлкө дүйнөдөгү репрессиячыл мамлекеттердин катарында аталып келген. Бул жолку шайлоодон эмнени күтсө болот?

Ким жеңет?

Божомолдорго караганда шайлоодон азыркы учурда президенттин милдетин аткарып жаткан, премьер-министр Шавкат Мирзиёев утуп чыгат деп айтылууда.

Шайлоого ат салышып жаткан үч талапкер тең Мирзиёевке олуттуу атаандаштык жарата албайт. Талапкерлердин экөөсү мурдагы шайлоодо Каримовко атаандаш болуп чыгышканы бар.

Нигматилла Юлдашев Олий Мажлистин төрагасы болуп туруп, Каримов каза тапкандан кийин президенттин милдетин аткаруудан өз ыктыяры менен баштартып койгон. Ал Мирзиёевке жол бошотуп бергени көп нерсени каңкуулайт.

Ѳзбекстанга коңшулаш өлкөлөрдүн лидерлери ачык эле Мирзиёевдин талапкерлигин колдоп жаткандай. Ѳзбекстанда эч качан эркин шайлоо өткөн эмес. Бийликте турган талапкер жалпы добуштардын 90 пайызын алганы бул кадимки көрүнүш сыяктуу.

Ислам Каримовдун үй бүлөсүндө эмне болуп жатат?

Айрым Ѳзбекстандык маалымат каражаттары Каримовдун кызы Гулнара ууландырылып, белгисиз жайга сөөгү коюлганын жазып чыгышкан. Бирок анын уулу Би-Би-Сиге берген интервьюсунда апасы Ташкентте үй камагында кармалып турганын айтты.

Гүлнара Каримова өлкөдөгү эң таасирдүү адам болгон. Көптөр аны атасынын ордун басат деп эсептешкен. Бирок мындан бир топ жыл мурун ал жаза тайып, мурдагы таасирин жоготуп алды. Ага америка жана европа бийликтери миллиарддаган долларга байланышкан коррупция боюнча иштерге аралашкан деп, иликтөө башташкан.

Image caption Гүлнара Каримова Ташкентте үй камагына алынган

Ѳзбекстандын прокуратурасы болсо Гулнара Каримовага байланыштуу өзүнчө тергөө жүргүзөөрүн билдирген.

Гулнаранын уулу Ислам Каримов Би-Би-Синин өзбек кызматына берген интервьюсунда Ѳзбекстан бийлиги анын 'көзүн тазалоо' аракетин кылышы да мүмкүн деп айтты.

Маркум президент Ислам Каримовдун жесири жана кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева президент менен коштошуу зыйнатында болду. Гулнарага катыша алган эмес.

Жергиликтүү медиа Шавкат Мирзиёевдин күйөө баладары Лолы Каримова-Тилляеванын күйөөсүнө таандык бизнестерди өзүнө каратып алып жатышканы туралуу жазышкан.

Шайлоодон кийин демократиялык өзгөрүү күтсө болобу?

Өзүнүн популярдуулугун арттыруу үчүн Шавкат Мирзиёев Каримов учурундагы бир катары саясый чараларды жокко чыгарды. Шавкат Мирзиёев өлкөнү өнүктүрүүнү жаңы планын жарыялап, мурдагы Каримовдун узакка созулган башкаруусуна өзгөртүү киргизгендей болду. Мунусу өлкө сыртында да, ичинде да кубаттоолорго алынып жатат. Ал жергиликтүүфермерлерден пахтаны сатып алуудагы өкмөт койгон бааны жогорулатты,оруп-жыйноо мезгилинде балдардын эмгегин пайдаланууга каршы Эмгек министрлигине эскертүү берди. Соңкусу ачык эле эл аралык коомчулуктун колдоосун алууга жасалган билдирүү сыяктуу каралды. Ошондой эле Мирзиёев мурда бийлик тарабынан бейрасмий түрдө ММКларда жана салтанаттуу кечелерде, улуттук иш-чараларда сахнада ырдоосуна тыюу салынган популярдуу ырчылдардын кайтып келүүсүнө уруксат берди. Коңшу өлкөлөр менен ортодогу татаал болуп кеткен мамилелерди жакшыртууга кол сунуп жаткандай саясат жүргүзүүдө. Бир катар популисттик мыйзамдарга кол койду.

Деген менен Өзбекстандагы экономиканын солгундашы чукул реформалардыталап кылып турат. (АА)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар