Италиянын премьер-министри кызматтан кете турган болду

Премьер эки жарым жылдан бери ээлеп келаткан кызматынан кетерин жарыя кылды
Image caption Премьер эки жарым жылдан бери ээлеп келаткан кызматынан кетерин жарыя кылды

Италиянын премьер-министр Маттео Ренци референдумда өзүнүн жеңилгенин мойнуна алып, кызматтан кетерин жарыя кылды.

Добуштар али толук саналып бүтө электигине карабастан, шайлоочулардын көпчүлүгү референдумда каршы добуш беришкени белгилүү болуп калды. Премьер эгерде көпчүлүк каршы добуш берсе, кызматынан кетерин мурда эле айтып келген.

Ренци алдын ала эсептөөлөр боюнча реформалар жөнүндө сунуштар таш капканы айдан ачык деп билдирип, реформаларга каршы добуш берүүгө үндөп келаткан атаандаштарын өздөрүнүн сунуштарын киргизүүгө чакырды.

«Азыркы күндө италиялык демократия парламенттик системада түзүлгөн. Ишеним жөнүндө маселени добушка койгонубузда биз бул системаны жөнөкөйлөтуп, эки палаталуу парламентти жоюп, саясий башкаруунун наркын азайтып, тикелей демократияны кеңейтели дегенбиз. Биз жетиштүү ынандыра алган жокпуз. Мени кечирип койгула, бирок мен өкүнбөй эле кетип жатамын»,-деди Маттео Ренци.

Премьер эки жарым жылдан бери ээлеп келаткан кызматынан кетерин жарыя кылды. Дүйшөмбүдө түштөн кийин ал өзүнүн чечимин кабинетке жарыя кылып, андан кийин тийиштүү арызын Италиянын президентине тапшырат.

Популисттердин жеңиши

Буга чейин Rai жана La7 телеканалдары жүргүзгөн көз каранды эмес сурамжылоо реформаларга каршы шайлоочулардын 60% добуш бере турганын көрсөткөн. Алдын ала эсептөөлөрдүн алгачкы натыйжалары да ушундай болуп чыгууда.

Референдумга коюлган маселе сенатты реформалоо жөнүндө болчу. Бул маселе өзү анчалык деле маанилүү эмес болушу мүмкүн, бирок Ренцинин жеңилип калган учурда кызматтан кетүү жөнүндө убадасынан кийин добуш берүү принципиалдуу мааниге ээ болду.

Эксперттердин баамында, сенаттын курамы жана ыйгарым укуктары коом үчүн анчалык деле маанилүү эмес, бирок Жакынкы Чыгыштан мигранттардын каптап келишине жана экономикалык стагнацияга нааразы болуп жаткан жарандар өкмөткө ишеним көргөзбөөгө жакшы мүмкүнчүлүк алышты.

«Жок деп айт» деп аталган ураан алдындагы өнөктүктү "Түндүк Лигасы" деп аталган антииммигранттык партия жана мурдакы куудул Беппе Гриллонун «Беш жылдыз» популисттик кыймылы жүргүзүштү. Алар ошондой эле евродон баш тартуу жөнүндө референдум өткөрүүгө да чакырышты.

«Беш жылдыз» кыймылынын лидери Луиджи Ди Майо алар мамлекеттин башкаруу тизгинин өздөрүнүн колуна алууга даяр экендиктерин билдирди. «Эртеңден баштап биз «Беш жылдыздын» өкмөтүн түзүүнүн үстүндө иштеп баштайбыз»,-деди ал.

«Түндүк Лигасынын» лидери Маттео Сальвини референдумдун натыйжасын «дүйнөнүн төрттөн үч бөлүгүнүн кубаттуу күчтөрүнө каршы элдин жеңиши» деп атап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырык жасады. (KC)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар