АКШ бийлиги протесттерден улам мунай түтүктөрүн төшөөнү токтотту

Сиу уруусундагы түпкү америкалыктар мунай түтүгүнүн алар жашаган жерден өтүүсүнө каршы
Image caption Сиу уруусундагы түпкү америкалыктар мунай түтүгүнүн алар жашаган жерден өтүүсүнө каршы

АКШнын федералдык бийлиги Американын түпкү улутунун өкүлдөрүнүн протестинен кийин курулуп жаткан мунай түтүктөрүнүн өтчү жерин кайра карап чыгууга даярбыз деди. Каршы чыккандар түтүктөрдүн азыркы жайгашуусу аларга экологиялык коркунуч алып келет дешүүдө.

АКШ армиясынын инженердик корпусунун билдирүүсүндө түтүктөрдү төшөөнүн башка маршруту изилденмейинче азыркы планы бекитилбей турганы айтылат.

Мекеме болжолдонгон ар бир маршруттун экологияга таасири тыкыр изилденээрин айтты.

Түтүктөрдү өткөрүү долбооруна ылайык, узундугу 1185 чакырым. Түндүк Дакотадан Иллинойско чейин жеткирилип, баасы 3,7 млрд доллар болмок. Түтүктүн негизги бөлүгү төшөлдү. Дакота менен Миннесотанын чек арасында түтүк Миссисипи дарыясын кесип өтүш керек. Ушул нерсе жергиликтүү Сиу уруусундагы түпкү америкалыктардын нааразылыгын жаратты.

Активисттер негизинен дарыя алдынан, анын агымына каршы өткөн түтүктөр сууну булгайт деп жатышат. Андан сырткары протест кылгандар Сиу өлгөн адамдарын жашырган, ыйык жерине курулуш кирип жатканына каршы. Алар түтүктөрдү башка жерден алып өткүлө дешүүдө.

Ноябрдын аягында протестке чыккандар менен полиция кагылышкан. (АК)