Трамп твиттерде Кытайды сынга алды

“Кытай валютасынын курсун төмөндөтүп жатканда биз менен макулдашты беле"? - деп сурады Трамп
Image caption “Кытай валютасынын курсун төмөндөтүп жатканда биз менен макулдашты беле"? - деп сурады Трамп

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Кытайдын валюта саясатын сындаган бир нече билдирүүлөрдү жазган.

“Кытай валютасынын курсун төмөндөтүп, ири аскердик комплекс курганда бизден сурады беле? Жок, менин билишимче сураган эмес”, деди Трамп.

Өткөн жумада Трамптын Тайван президенти менен түздөн-түз сүйлөшүүсү Кытай менен болгон дипломатиялык мамиледе ажырым пайда кылуу коркунучун жаратты.

1979-жылдан тарта АКШда Тайван менен алака түзүү боюнча мыйзам орун алып келет. Бул мыйзамга ылайык АКШ менен Тайвандын ортосунда көп тармактарда кызматташуу каралат.

Кытай Тайванды өз алдынча мамлекет катары тааныбайт. Ал Тайванды өз провинциясы деп эсептеп, башка өлкөлөр менен мамиле куруусун чектеп келет.

Кытайдын бул саясатын АКШ дагы колдойт. Тайван албетте буга каршы.

Трамптын Цай менен телефондук сүйлөшүүсүнө расмий Бээжин кабатырланып, сүйлөшүүнү уюштуруу жоопкерчилигин Цай Инвенге жүктөдү. Кытайдын Тышкы иштер министирлиги бул маекти 'Тайвандын жаш балача кылыгы' деп атады.

АКШда бийликти өткөрүп берүү боюнча топ, Трамп Сингапурдун премьер министри Ли Сянь Лунь, Филипиндин лидери Родриго Дутерте жана Афганистан лидери Ашраф Гани менен маектешкенин билдирди. (УА)