Өзбекстандагы президенттик шайлоону Шавкат Мирзиёев жеңди

Шавкат Мирзиёев Сүрөттүн автордук укугу AFP

Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев шайлоону утуп чыкты деп билдирди өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы. Алдынала тыянактарга караганда Мирзиёев шайлоочулардын 88,61% добушун алган.

БШК маалыматына караганда шайлоого катышуу 87,83% түздү. Бул деген 18 миллионго чукул шайлоочу добуш берүүгө келди дегендик.

"Шайлоо ачык-айкын жана мыйзамдуу өттү,-деп билдирди БШК төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов.-Шайлоо бектеринде мыйзам бузуулар боюнча даттануулар түшкөн жок".

2003-жылдан бери өкмөттү башында болуп келген Шавкат Мирзиёевдин жеңип чыгары башынан эле айтылып келген. 59 жаштагы Мирзиёевдин президенттин милдетин аткаруучу болуп бекитилишине Олий Мажлистин төрагасы Нигматилла Юлдашев өзү жол ачкан. Ѳзбекстандын баш мыйзамы боюнча президенттин милдети ага жүктөлүшү керек эле. Анын өз ыктыяры менен баш тартып, Мирзиёевке жол бошотуп бергени эле келечектеги президент ким экенин аныктагансыды дешет байкоочулар.

Шайлоодо ат салышкан башка үч талапкер тең Мирзиёевке олуттуу атаандаштык жарата албасы белгилүү болчу. Анткени талапкерлердин экөөсү мурдагы шайлоодо Каримовко атаандаш болуп чыгышканы бар. Ошол эле Элдик демократиялык партиядан чыккан талапкер Хатамжон Кетманов, Улуттук кайра жаралуу демократиялык партиясынан Сарвар Отамуратов, үчүнчү талапкер Адилет социал-демократиялык партиянын атынан Наримон Умаров - баарысы тең мурдатан эле бийликти жактап келишкен.

Ѳзбекстандагы мөөнөтүнөн мурун шайлоо өлкөнү 25 жыл башкарып келген президент Ислам Каримов каза тапкандан кийин жарыяланган. Ал 2-сентябрда 78 жашында жүрөк илдетинен каза тапкан эле. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар