Индонезияда жер титиреп, 24 киши курман болду

Бир нече мечиттер жана имараттар кйырады
Image caption Бир нече мечиттер жана имараттар кйырады

Суматра аралында жайгашкан Сигли шаарына жакын жерде жер силкинип, ондогон имараттар кыйраган.

Индонезиянын метеорология борбору сунами коркунучу жок экенин билдирди. 2004-жылы деңиз астындагы жер титирөөдөн келип чыккан сунами Аче провинциясын кыйрашына алып келип, 120 000 адам каза тапкан.

АКШнын геологиялык байкоо жүргүзүү борбору жер силкинүү жээкке жакын 17.2 км тереңдикте таңкы саат беште болгонун билдирди.

Индонезиянын Пидие аймагындагы куткаруучу Саид Мульяни жер титирөөнүн борборунда 24 адам курман болгонун Би-Би-Сиге айтып берди.

Жергиликтүү бийлик аман калгандарды издөөдө оор техникалар колдонулуп жаткандыгын билдирди.

Зилзала Банда Аченин жакынкы провинциялык борбор калаасына чейин жетип, ал жердин тургундары үйлөрүн жана жумушун таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Суматра аралында быйыл бир нече жолу зилзала болуп өттү.

Индонезия Тынч океандын “вулкан шакегинде” жайгашкандыктан жер титирөөгө көп кабылып келет. (UA)

Тема боюнча башка макалалар