Нетаньяху Парижде Аббас менен жолугушуудан баш тартты

Биньямин Нетаньяху Сүрөттүн автордук укугу AFP

Израиль өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ушул жылдын 21-22-декабарына пландалган Париждеги палестин-израиль чатагын жөнгө салуу боюнча эл аралык конференциянын алкагында Палестинa автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен жолугушуудан баш тарткан.

Израиль премьеринин администрациясы Нетаньяху эгерде Аббас менен түз сүйлөшүү болсо гана жолугууга макул деп билдирди. Нетаньяху бул эл аралык конференция араб-израиль чатагын жөнгө салууга жана тынчтыкка жетишүүгө жарамсыз деп эсептерин айткан.

Тескерисинче Палестинa администрациясы болсо Франциянын 50дөн ашуун өлкө катыша турган эл аралык конференция чакырганын колдоого алып жатат.

Нетаньяху Аббас менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү демилгесин бир нече ирет көтөргөнү бар. Бирок Аббас Изралиден жаңы конуштарды курууну токтотуу талабын билдирип келүүдө. Сентябрда Израиль Москвада Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөн баш тартып койгон.

2014-жылдын апрелинде АКШнын ортомчулугу менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин Израиль менен Палестина ортосундагы эл аралык сүйлөшүүлөр ордунан жылбай турат.