Окумуштуулар дүйнөдө акыралар азайып баратканына кабатыр

жираф Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption 1985-жылы акыралар саны 152 миңден 163 миңге чейин деп эсептелсе, азыр болжолу 98 миңге чейин кыскарган.

Окумуштуулар дүйнөдө акыралар азайып баратканына кабатыр Жер бетинде соңку 30 жыл ичинде акыралар (жираф) саны дээрлик 40% чейин азайган. Буга браконьерчилик, аймактык чыр-чатактар жана айыл чарба жерлеринин кеңейип жатышы негизги себеп болуп жатат дейт Эл аралык табиятты коргоо бирикмеси (IUCN).

Адистердин маалыматына караганда 1985-жылы акыралар саны 152 миңден 163 миңге чейин деп эсептелсе, азыр болжолу 98 миңге чейин кыскарган.

«Кызыл китепке» кирген акыра мурда «коркунучта турган» деп айтылса, азыр болсо «өтө оор абалда» деп көрсөтүлүп жатат. "Акыраларды көп учурда сафариден, зоопарктан, маалымат каражаттарынан көрүп жүрөбүз. Бирок ал акырындап жоголуп баратканына анча маани бербейбиз»,-дейт Эл аралык табиятты коргоо бирикмесинин акыралар боюнча адиси Жулиан Феннесси.

Акыркы жылдарда «Кызыл китепке» киргизилген 85 миң 600 ашуун жаныбарлардын 24 миңге чукул түрү тукуму азайып, жоголуп кетүү коркунучунда турат.