Конституциялык референдум: Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Кыргызстандын жаңы Конституциясы 2010-жылы референдумда кабыл алынган.
Image caption Кыргызстандын жаңы Конституциясы 2010-жылы референдумда кабыл алынган.

11-декабрда Кыргызстандын калкы референдумда Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө добушерет. Негизги өзгөртүүлөр адам укуктары жана бийлик бөлүштүрүү жагында болмокчу.

Эл аралык чечимдерди аткаруудан баш тартуу

Азыркы учурда эл аралык соттордун чечимдери Кыргызстанда жергиликтүү соттордун чечимдеринен жогору турат - бул Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерде жазылган. Эгер Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, кыргыз сотторунун чечимдери эл аралык уюмдардын чечимдеринен жогору туруп калат. Кыргызстандын соттору эл аралык соттордун чечимдерин эске албай кое алат.

Адам укуктарын чектөө

Конституциянын азыркы редакциясына ылайык, адам укуктары улуттук коопсуздук, коомдук тартипти камсыз кылуу, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо жана башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо максатында чектелиши мүмкүн.

Жаңы сунуштарга ылайык, бул тизме эми аскердик жана башка кызмат зарылдыгы менен да толукталат. Бул иш жүзүндө кандайча аткарыла турганын азыр айтуу кыйын.

Мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу

Азыркы учурда кылмыш кылгандар эгер анын жазалоо мөөнөтү өтүп кетсе жоопкерчиликке тартылбайт. Жаза мөөнөттөрү кылмыштын оордугуна жараша мыйзамда белгиленген.

Жаңы толуктоолордо геноцид жана экоцид боюнча кылмыштарга мөөнөтү коюлбайт деп сунушталууда.

Геноцид - бул элди массалык кыруу, экоцид - бул жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүн массалык түрдо жок кылуу, ошондой эле аба же сууну ууландыруу.

Ошондой эле бул тизмеге Кумтөр алтын кениндеги кылмыштар да кошулууда. Кыргызстанда биринчи жолу бир конкреттүү ишкана аталып, баш мыйзамга киргизилип жатат.

Үй-бүлө жана нике

Конституцияга каралган кезектеги өзгөртүү боюнча нике эркек жана аялдын ортосунда гана катталат. Азыркы баш мыйзамда нике бул эки түгөйдүн ортосунда болот деп бирок анын жынысы көрсөтүлгөн эмес.

Конституциялык реформаны колдоп жаткандар бул өзгөртүү бир жыныстуу никеге бөгөт коет деп жатышат. Бирок Үй-бүлө Кодексинде нике эркек менен аялдын ортосунда болот деп так жазылган.

Жарандык

Баш мыйзамга каралган кезектеги толуктоо боюнча мамлекет кыргызстандыктарды жарандыктан ажыратууга укуктуу болот. Бийликтегилер бул терроризм менен күрөшүү үчүн зарыл деп жатышат. Жарандыгы жок адамдар ээн-эркин жүрө алышпайт.

Бирок жарандыктан ажыратуу үчүн конкреттүү негиздер жана бул чечимди чыгара турган мамлекеттик орган жазылган эмес. Ошондуктан айрым эксперттер бул беренени бийликте тургандар өздөрүнүн атаандаштарына каршы колдонушу мүмкүн деп жатышат.

Премьер-министрдин ыйгарым укуктары

Өзгөртүүлөрдө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүп, парламенттин бийлигин азайтуу каралган. Бул айрым эксперттер менен юристтердин айтымында, парламенттин өкмөттөн көз карандылыгына алып келиши мүмкүн.

Парламенттин депутаты бир эле учурда премьер-министр же вице-премьер-министр боло алат. Эгер депутат ушул кызматтардын бирөөн ээлесе, ал парламенттин жыйындарында добуш бере берет. Эгер ал бул кызматтан түшүп калса, депутат болуп иштей берет.

Демократиялык өлкөлөрдө бийлик бутактары ажыратылган, өкмөт парламентке отчет берет жана көзөмөлдөнөт. Эгер жаңы өзгөртүүлөр кабыл алынса, премьер-министр менен вице-премьер-министр өздөрүнө отчет берип калабы деген суроого так жооп боло элек.

Ошондой эле премьер-министр бир жылда эки жолу парламенттин алдында өкмөткө ишеним көргөзбөө жөнүндө маселе кое алат. (Азыркы учурда ал муну жылына бир эле жолу жасай алат). Өкмөт мүчөлөрүн өзү дайындап, өзү бошото алат. Азыркы учурда бул чечимдерди президент кабыл алат.

Мындан сырткары, премьер-министр жергиликтүү кеңештердин макулдугусуз эле жергиликтүү администрациялардын башчыларын дайындап жана бошото алат.

Бийликтин сот бутагы

Конституцияга каралган өзгөртүүлөр судья кызматына талапкер болгондор үчүн айрым чектөөлөрдү киргизет. Бирок бул кандай чектөөлөр экени аталган эмес.

Эгер бул жобо өтүп кетсе, парламент керектүү чектөөлөр жазылган мыйзамды кабыл алышы мүмкүн. Мисалы, купуя кат алышуудан баш тартуу же алардын телефондогу сүйлөшүүлөрүн тыңшоо сыяктуу чектөөлөр болушу мүмкүн дешет. Бул судьялардын көз карандылыгын чыңдайбы же тескерисинче азайтабы деген суроо турат.

Президенттин сотторго болгон таасири жогорулайт. Ал жергиликтүү судьяларды бир жерден экинчи жерге которо алат. Азыркы учурда соттордун ротациясын Сотторду тандоо кеңеши жүргүзөт.

Азыркы учурда соттордун мыйзам бузган учурларын Соттор кеңеши карайт. Баш мыйзамга каралган өзгөртүүлөр боюнча эми бул ишти Соттор кеңешинде тартип комиссиясы карап калат. Бул комиссия президент, парламент жана Соттор кеңеши тарабынан түзүлөт. Президент менен парламенттин өкүлдөрүнүн бул комиссияда болушу судьяларга таасир көрсөтүү рычагын камсыз кылат.

Жогорку Сот сот маселелери боюнча түшүндүрмө бере алат. Азыркы учурда алар сунуш иретинде болсо, өзгөртүүлөргө ылайык алар соттор жана судьялар үчүн милдеттүү болуп калат.

Бирок бул өзгөртүү Баш мыйзамдын өзүнө каршы келет деген пикирлер болуп жатат, анткени судьялар көз каранды эмес жана Баш мыйзамдын өзүнө гана таянышы керек.

Башкы прокуратуранын укуктары

Жаңы толуктоолор боюнча Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Өкмөткө караштуу болгон Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүп берет.

Бул өзгөртүү мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупция менен күрөшүүнүн сапатын түшүрөт деген чочулоо бар. Анткени Өкмөттүн өзүнүн кылмыш иштерин Өкмөткө караштуу мекемелер иликтеп, тергеп калат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар