Түркиянын Стамбул шаарындагы стадиондогу жардыруудан кеминде 38 киши набыт болду

Стамбулда Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Стамбулда футбол командаларынын таймашы бүткөн маалда кош жардыруу болгон

Түркиянын Стамбул шаарындагы стадиондогу жардыруудан кеминде 38 киши набыт болду. Аларды отузу полиция кызматкери. Андан сырткары 160 киши жарат алганы да айтылууда.

Полиция кызматкерлеринин маалыматына караганда бул жардыруулар күрт согушкерлери тарабынан уюшулган.

Өлкө бийлиги бул окуяга байланыштуу өлкөдө аза күтүү күнүн жарыялады. Мындан мурдараак өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу бул жардыруунун негизги максаты полция кызматкерлерине багытталганын айтып, азырынча 10 шектүү киши кармалганын билдирди.

Ал эми өлкө президенти Режеп Тайып Эрдогандын билдиришинче, терактты уюштургандар мындан да көп кишинин өлүмүн көздөгөн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түркияда жыл башынан бери сегиз жардыруу катталган

Ишембинин кечинде Стамбул шаарында "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын таймашы бүткөн маалда "Водафон Арена" стадионунун айланасында кош жардыруу болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдогандын билдиришинче, терактты уюштургандар мындан да көп кишинин өлүмүн көздөгөн.

Түркиядагы акыркы жардырууллар

2016-жылы:

20-август, Газиантеп. Жардыруудан кеминде 30 киши каза болгон. Кол салууга «Ислам мамлекети» тобу шектелүүдө.

29-июнь, Стабул. Стамбулдагы Ата-Түрк аэропортундагы жардыруудан 41 киши набыт болгон. «Ислам мамлекети» тобу уюштурганы айтылат.

7-июнь, Стамбул. Унаадагы жардыруудан 11 киши мерт кеткен. Жардырууну күрд радикалдык тобу жоопкерчилигине алган.

19-март, Стамбул. Шаардагы соода түйүнүндө жанкечти төрт кишинин өлүмүнө себепчи болгон. Жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» тобу мойнуна алган.

13-март, Анкара. Автоунаадагы жардыргыч заттан 34 киши мерт кеткен. Муну күрт согушчандары уюштурганы айтылат.

17-февраль, Анкара. Аскер кызматкерлери түшкөн автобустагы жардыруудан 29 киши каза болгон. Күрт согушчандары уюштурган.

12-январь, Стамбул. Германиядан келген 11 туристи набыт болуп,

жардырууна Сириядан келген жаран уюштурганы аныкталган.ар:

Тема боюнча башка макалалар