Нетаньяху Трамп менен Иран келишимин жоюну сүйлөшкүсү келет

Израилдин премьер-министри президент Барак Обама менен
Image caption Израилдин премьер-министри президент Барак Обама менен ажырым туудурган маселелер бир топ экенин айтууда.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампты Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө келишимди жоюу жөнүндө келишимге көндүргүсү келерин билдирди.

Америкалык Си-би-эс каналына берген маегинде израиль премьери бул келишимди жоюп жокко чыгаруунун эң аз дегенде беш вариантын карап жатканын айтты.

Нетаньяху ошондой эле президент Барак Обама менен бир топ маселе боюнча ажырым көз караштар болгонун, анын ичинен эң башкысы Иран жөнүндө болгонун айта кетти. Обама Тегеран менен келишимди түзүп жатканда Израилдин каршылыгына караган эмес.

Ирандын президенти Хасан Роухани өткөн жумада Трампка Иран жана алты өлкө менен 2015-жылы июлда кол коюлган келишимди үзүп салууга жол бербей турганын билдирди.

Трамп өзүнүн шайлоо өнөктүгүндө Иран менен болгон келишимди кескин сынга алган болчу. 2015-жылы сентябрда ал өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө бул келишимди "эң жаман келишим" деп атаган.

Нетаньяху да Иран менен болгон келишимди сындап жатат. Анын пикиринде, бул келишим Иранга өзөктүк бомба жасаганга жолтоо болбойт, тескерисинче ага жол берет.

Иран менен болгон келишимде Тегеран өзөктүк курал иштеп чыгуудан баш тартаарына кепилдик берери, өзөктүк отундун көп бөлүгүн жок кылары жана МАГАТЭнин инспекторлорун атомдук объектилерге киргизүүнү камсыз кылары каралган.

Батыш өз кезегинде Иранга салынган санкцияларды алып салууга милдеттенген. (KC)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар