Алеппонун дээрлик 90% сириялык армиянын көзөмөлүнө өттү

Башар Асаддын күчтөрү шаардын 90% көзөмөлдөп калды дейт байкоочулар. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Алеппо Сириялык көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүнөн чыгып, соңку айларда Орусиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен пландуу түрдө сокку уруп жаткан сириялык армияга өттү.

Сирия армиясы Шейх-Саид кварталына кирди, муну менен Башар Асаддын күчтөрү шаардын 90% көзөмөлдөп калды дейт байкоочулар. «Франс-пресс» маалымат агенттигине берген маегинде Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча мониторинг жүргүзгөн cириялык борбордун жетекчиси Рами Рахман: "Армия толугу менен шаардын Шейх-Саид кварталын өз көзөмөлүнө алды. Сириялык режим эми Алеппонун 90 пайызын көзөмөлдөйт»,- деп билдирген.

Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы суткаларда шаардан көп сандагы жайкын тургундарды чыгарып кетүүгө мүмкүн болгонун билдирген эле. Интерфакс маалымат агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме жасап, «13 346 жайкын тургун, анын ичинде 5831 жаш бала шаардын батыш бөлүгүндөгү курчоодон чыгарылганын» жазып чыккан. Ошондой эле 728 согушкер куралын таштап, багынып бергенин кабарлады.

Активисттер акыркы күндөрдө он миңдеген качкындар өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндөгү аймакта жайгаштырылып жатканын билдирүдө.

Байкоочулардын айтымында, көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн райондор аба чабуулдарына алынууда. Aл аймактарда мурдагыдай эле жайкын тургундар кала берүүдө дешет алар. Сирия армиясынын Алеппо чыгышындагы жүрүшү көтөрүлүшчүлөр үчүн оор сокку болду. Асаддын каршылаштары шаардын чыгыш бөлүгүн төрт жылдан бери көзөмөлдөп келген.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча мониторинг жүргүзгөн Сириялык борбордун маалыматы боюнча 15-ноябрдан бери сириялык армиянын шаардын чыгыш тарабына жолдогон аба чабуулдарынан кеминде 247 жайкын тургун каза тапты.

Батыш өлкөлөрүнүн жайкын тургундар каза таап жатат деген билдирүүлөрүн орус тарап дагы четке кагып келүүдө. Ушундай алдыга жылган ийгилиги менен катар эле Сириянын армиясы тарыхый Пальмира шаарынан артка чегиди. Дүйшөмбүдө сириялык бийлик шаарды өздөрүн "Ислам мамлекетти" деп атаган экстремисттик топ кайрадан ээлеп алганын моюнуна алды.

Пальмирадан экстремисттик топту кайра сүрүп чыгуу үчүн Асаддын Алеппону чабуулга алып жаткан армиясынын бир бөлүгүн алып келиши керек болот деп айтылууда.