Францияда 70 кг алтын карaктап кеткендер изделүүдө

Окуя болгон жерге өздөрү айдап келген унааны өрттөп салышкан. Сүрөттүн автордук укугу AP

Француз полициясы Лиондун түштүгүндө инкассатор унаасынан 70 кг алтын карактап кеткен төрт кишини издөөдө.

Карактагандар өз унаасы менен келип, 1,6 млн долларга бааланган алтынды уурдашып, күзөтчүлөрдү инкассатор унаасына бекитип кетишкен.

Окуя болгон жерге өздөрү айдап келген унааны өрттөп салышкан. Өрт ал жердеги башка унааны дагы жалмаган. Окуя болгон жерге келген полиция күзөтчүлөрдү аман-эсен куткарып алды.

"Биздин колубузда бар далилдер бул өрттөнгөн унаа жана өрттөн күйүп кетүүгө аз калган кичи автобус. Артына из калтырбаш үчүн жана куугунга жеткирбеш айласы менен жолдо тыгын жаратуу максатында алар атайын унааларды өрттөп кетишкен»-деп билдирди Рейтер агенттигине полиция өкүлү Оливье Ригаль.

Окуя Париж менен Лионду бириктирген унаа жолунда орун алган. Кылмышкерлерди издөө иштери улантылып жатат.