Кыргызстан Аблязовдун айткандары боюнча иликтөө жүргүзөт

Мухтар Аблязов Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы казакстандык экс-чиновник, БТА банкынын мурунку жетекчиси Мухтар Аблязовдун айткандары боюнча иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине тапшырды.

Бул туралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында кабарланды. Францияда үч жылдан бери абакта олтурган Мухтар Аблязов өткөн аптада эркиндикке чыкканы айтылган болчу. Аблязов мындан эки күн мурун франциялык Liberation басылмасына берген маегинде 2005-жылдагы Кыргызстандагы бийликти кулаткан "жоогазын революциясы" деген ат менен белгилүү болгон март окуяларында каржылык көмөк көрсөткөнүн айткан. Бул боюнча айрым жергиликтүү маалымат булактары да жазып чыгышты.

Казакстан Мухтар Аблязовко байланышкан кылмыш ишин токтотпойт

Казакстандын Башкы прокуратурасы учурунда БТА банкын жетектеген Аблязовду сотко алып келүү аракетин токтотпой турганы айтты.

Францияда үч жылдан бери абакта олтурган Мухтар Аблязов өткөн аптада эркиндикке чыкканы айтылган болчу. Казакстандын Башкы прокуратурасы расмий сайтында "тергөө ишинин соңуна чыгаруу, адилеттүү соттук териштирүүнү өткөрүү, келтирилген чыгымдарды кайтарып алуу үчүн айыпкерди кармоого мыйзамда көрсөтүлгөн бардык чаралар колдонулаары» маалымдалды.

Казакстандын Башкы прокуратурасы 9-декабрда Франциянын Мамлекеттик Кеңеши Муктар Аблязовду экстрадициялоону четке какканын эскертти. Франциянын Мамлекеттик Кеңеши Мухтар Аблязовду Орусияга экстрадициялоо боюнча буйрукту жокко чыгарганы бар. Бул чечим менен Орусия тарап макул эместигин билдирген.

Бул 2014-жылдын январынан кийинки эң акыркы инстанция болду. Анда француз соту экстрадициялоо чечимин кабыл алып, аны - премьер Мануэль Вальс бекиткен эле.

Аблязовду өткөрүп алууга Орусия, Украина жана Казакстан аракет кылууда.

Франциянын Мамлекеттик Кеңеши, Орусиянын өтүнүчүн «саясый максат» менен болду деген чечимге келген. Өзүнө болгон куугунтуктоолор саясый маселеден улам дегенге Аблязов дагы басым жасап келүүдө. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевди өзүнүн оппоненти катары көрсөтүп, кылмыш ишин оппозициялык партияны каржылаганына байланыштырат.

Казакстанда Аблязовду БТА банкынан 7,5 млрд доллардан ашуун каражатты уурдаган, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деп айыптап келүүдө. Орусиялык тергөөчүлөр банкка жана кардарларына келтирилген чыгымдарды 5 млрд долларга жакын деп баалайт.

Мухтар Аблязов Казакстандын БТА банкын 2005-жылдан 2009-жылга чейин жетектеген. 2009-жылы аталган банк 13 миллиард АКШ долларына тете карызга батып, дефолт деп жарыяланган.

2011-жылы июль айында Британия экс-банкирге саясый башпаанек сунуштаган. Бирок 2012-жылы Лондондогу Жогорку сот Мухтар Аблязовду камакка алуу жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин ал жашырынып кеткен. 2013-жылы август айында ал Францияда камакка алынган. Ушул эле жылдын май айында Аблязовдун жубайы Альма Шалабаева жана алты жашар кызы Италиядагы рейд учурунда кармалган. Андан соң аларды жеке менчик учакка олтургузуп, казак дипломаттарынын коштоосу менен Казакстанга өткөрүп беришкен. Италия бийликтери Аблязовдун аялы менен кызына Борбордук Африка республикасы тарабынан берилген паспорттор жасалма экенин айтышкан. Бирок, Борбордук Африка мындай маалыматтарды четке кагып, паспорттор мыйзамдуу деп билдирген.

Аблязовдун жакындарын Казакстанга өткөрүп берүү окуясы Италияда чоң чатак менен коштолгон. Мунун айынан Ички иштер министрлигинин канцелярия башчысы Жузеппе Прокаччини кызматтан кеткен. Ал эми Италия бийликтери Аблязовдун жубайы менен кызын казак тарапка берүү мыйзамсыз болгонун мойнуна алып, Астанадан аларды кайрадан кайтарып берүүнү сураган. (AbA)