Өзбекстан өкмөтүн Абдулла Арипов жетектейт

Абдулла Арипов Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Арипов 2002-жылдан 2012-жылга чейин өкмөт башчынын орун басары болуп эмгектенген. 2012-жылы өзбек телекомго байланыштуу паракорчулукка айыпталып кызматынан кеткен эле.

Өзбекстандын Олий Мажлиси өлкөнүн премьер-министрлик кызматына Абдулла Ариповду бекитти. 55 жаштагы Абдулла Арипов шаршемби күнү президенттик кызматына киришкен Шавкат Мирзиёев тарабынан сунушталган.

Өзбекстандын парламентинде эң көп орунга ээ болгон Өзбекстан Либерал-демократиялык партиясы дагы Ариповдун талапкерлигин көрсөткөн болчу.

8-сентябрда сенат тарабынан убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Мирзиёев ушул күнгө чейин өкмөт башчылык кызматты дагы бирге аткарып келген. Анын кызматка келгендеги биринчи жүрүшү Абдулла Ариповду өкмөт башына алып келгени болду. Ал ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетин өзгөрүүлөр күтүп турганын айтты. Демек министрликтерде орун алмашуулар жүрөт.

Дүйшөмбү күндөн тарта «Фейсбук» социалдык тармагында Ариповдун өздүк баракчасы пайда болду. Арипов 2002-жылдан 2012-жылга чейин өкмөт башчынын орун басары болуп эмгектенген. 2012-жылы өзбек телекомго байланыштуу паракорчулукка айыпталып кызматынан кеткен эле.

Көптөр премьерлик кызматка каржы министринин биринчи орун басары Рустам Азимовдун аты аталат болду бекен деп күтүшкөнү да бар. Анткени аны президенттик жарышка дагы негизги атаандаш катары эсептешти. Бирок ал Каримовдун өлүмүнөн кийин өзүн көлөкөдө кармады

Маркум президент Ислам Каримовдон кийин тынчтык жолу менен бийликтин Мизиёевке өткөрүлүшү бул - Өзбекстандагы таасирдүү саясый элитанын чечими болду деп да айтылып келүүдө.

4-декабрдагы шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 88,61% добушун алып жеңишке жетишкен. (AbA)