Хакерлердин Yahoo компаниясына чабуулу

Хакерлер Yahoo колдонуучуларынын өздүк маалыматын уурдап кетиши мүмкүн эле
Image caption Хакерлер Yahoo колдонуучуларынын өздүк маалыматын уурдап кетиши мүмкүн эле

Америкалык Yahoo интернет компаниясы 2013-жылдын август айында жасалган хакерлик чабуулдун издерин тапканын кабарлады. Анда хакерлер бир миллиарддан ашык колдонуучулардын өздүк маалыматтарын уурдап алышы мүмкүн эле деп айтылат.

Белгисиз хакерлер аталган компаниянын колдонуучулардын аттарын, туулган күндөрүн, телефон, электрондук даректерин жана сыр сөздөрүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

“Кредиттик карталар жана банктагы эсептер тууралуу маалыматтарды камтыган система бул чабуулга кабылган жок”,- деп кабарлады Yahoo .

Сентябр айында компаниянын колдонуучуларынын маалыматтары уурдалган дагы бир учуру катталган. Анда 500 миллион адамдын маалыматтары уурдалган. Муну Yahoo чабуулдун аркасында бир мамлекет турат деп билдирип, бирок ачык айткандан баш тарткан. Компания эки ири чабуулдун бири бирине байланышы жок экенин билдирди.

1995-жылы негизделген Yahoo компаниясы дүйнөнүн эң ири маалымат издөө сайттарына кирет. Бирок акыркы жылдары компания чыгашалары көп болуп жаткандыгын айтты. Июль айында Yahoo’компаниясын “Verizon Communications” аттуу америкалык телекоммуникация компаниясы 4.83 миллиард долларга сатып алары маалымдалган. Бул каражат 2008-жылы Microsoft сунуштаган баадан 10 эсе көбүрөөк.

Сатып алуу боюнча келишим 2017-жылдын биринчи кварталында бектилиши керек. Verizon Yahoo компаниясына болгон хакердик чабуул окуясынын өнүгүүсүнө байкоо салып жатат. (UA)

Тема боюнча башка макалалар