Азербайжандагы мунай станциясындагы кырсыктан каза тапкандар бар

эстакада Каспий деңизи Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti

Азербайжандын куткаруу кызматы Каспий деңизиндги мунай бургулоочу станциясынын дайынсыз болуп жатан кызматкерлердин биринин сөөгүн таап чыкты.

Бул тууралуу"Азнефть" өндүрүштүк мекеменин башкы инженери Баламирза Агарагимов билдирди.

Кечээ түндөсү станциядагы эстакада кулап түшүп, таң эртеден баштап куткаруу иштери уланууда. Мунай бурголоочу бөлүмдө беш жумушчу иштеп жаткан, дагы беш киши обьекттин эс алуу жайында болчу. Эстакада кулаган кезде алардын бардыгы деңизге түшүп кеткен.

"1958-жылы төрөлгөн жумушчу Ильхам Гафаровдун денесин куткаруучулар таап чыкты", - деди башкы инженер.

"Азнефть" компаниянын өкүлү аба ырайынын бузулуп тууралуу мурдатан эле маалыматтары болгонун айтты. Дениздеги шамалдын ылдамдыгы секундасына 41 метр болчу. Жумушчулардын көпчүлүгү эвакуацияланган.

"Бул каргашалуу окуяга баарыбыз жоопкерчиликтүүбүз, - деди "Азнефть» компаниясынын өкүлү.- Кырсыктын себебин аныктоо үчүн укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы чыккандан кийин тиешелүү чара көрүлөт", - деди ал.

Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti

Жергиликтүү маалымат каражаттарында эстакаданы эксплуатациялоо мөөнөтү 1990-жылдардын ортосунда эле бүткөнү тууралуу кабарлар чыкты. Буга Агарагимов эсткада кулаган жердеги мунай бургулоочу жай 1978-жылы курулганын айтты. Андан бери ал участокто оңдоп түзөө иштери жүрүп турган.

Ишкананын өкүлү акыркы жолу оңдоп түзөө иштери август айында болгонун ырастады. «Эмне үчүн мындай окуялар Азербайжанда иштеген чет элдик компанияларда кездешпейт дагы улуттук компания бул кырсыкка учураган?» деген суроону журналисттер ишкана өкүлүнө жолдошту.

"1990-жылдары Азербайжанда экономикалык кыйынчылктардан улам көзөмөлдөө жетишсиз болгон. Эстакаданын ар бир 50 метр аянтын оңдоп түзөө үчүн аябагандай көп убакыт жана каражат керек", - деп жооп берди Агарагимов.

Аербайжандын мамлекеттик муунай компаниясына таандык платформада былтыры катуу бороондон улам газ жырылып, өрттүн чыгышына себеп болгон. Анда курман болгон 30 адамдын жетөөсүнүн денеси гана табылган. Өрт чыккан обьекттен 33 адам гана куткарылган.