Кызыл чырым: Алепподон чыгып кетүү үчүн он миңдеген кишилер кезек күтүүдө

эвакуация Алепподон Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сирия президенти Башар Асад бейшембиде видео кайрылуу жасап, Алепподон көтөрүлүшчүлөрдүн чыгарылып жатканын «тарыхый окуя» деп атады.

Алеппонун чыгышында көтөрүлүшчүлөрдү эвакуациялоо уланууда. Кызыл чырым эл аралык комитетинин өкүлү түн ичинде ок атышпоо тууралуу келишим бузулган жок деп айтты. Деген менен он миңдеген кишилер шаарды таштап чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк күтүп, кезекте турушат.

Орусиянын коргоо министрлигинин маалыматына караганда, эвакуация башталган бир сутка ичинде 6462 киши, анын ичинде үч миң согушкер чыгарылды.

БУУнун маалыматы боюнча шаардын чыгыш бөлүгүндө 50 миңге чукул киши эвакуацияны күтүп турат.

«Бизге ал жакка эки эвакуациялык конвойдо 3 миң кишини (алардын кыркы жарадарлар) жөнөткөнгө мүмкүн болду. Эвакуация уланып жатат. Бул деген биз дагы жумушту сутка боюу улантууга туура келет дегендик. Мындай темпти жоготууга болбойт. Анткени бул жердегилер абдан айласыз абалда турушат»,-деди Би-Би-Сиге Кызыл чырым уюмунун расмий өкүлү Павел Крзисик.

Алепподогу чегинүү сириялык оппозиция үчүн оор сокку болду. Сирия президенти Башар Асад бейшембиде видео кайрылуу жасап, Алепподон көтөрүлүшчүлөрдүн чыгарылып жатканын «тарыхый окуя» деп атады. Ошол эле учурда Батыш өлкөлөрү сириялык армияны жана ага колдоо көрсөтүп жаткан куралдуу топторду шаардагы каршылык көрсөткөндөргө катаал чараларды көрүп, көптөгөн жайкын тургундардын өлүмүнө себеп болду деп сынга алууда.

Алеппонун чыгышы төрт жылдан бери көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө болуп келген. Сириянын өкмөтү шейшембиде шаарды толук көзөмөлүнө аларын билдирген болчу. Бирок ок атышпоо келишим бузулуп кеткенден кийин ок атышуулар кайра жанданган.

Маалымат каражаттары жазганына караганда, Алепподогу эвакуация планы Орусия менен Түркия тарабынан иштелип чыккан. Бирок мунун алдында орус президенттинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул боюнча маалымат берүүдөн карманды. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар