"Дүйнө сулуусу" сынагын пуэрторикалык кыз жеңип алды

"Мисс мира " Стефани дель Валле Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Дүйнө сулуусу" сынагынын таажысын Пуэрто-Рико өлкөсүнөн келген Стефани дель Валле кийиди.

Бул жылы "Дүйнө сулуусу" сынагынын таажысын Пуэрто-Рико өлкөсүнөн келген Стефани дель Валле кийиди. Ал он тогуз жашта, испан, англис, француз тилдеринде сүйлөйт.

Доминикан өлкөсүнөн келген Ярица Реес экинчи орунда, индонезиялык Наташа Маннуэла үчүнчү орунда аталды. Финалдык баскычка чыккан беш сулуунун катарында Кения жана Филиппинден келген сулуулар бар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Ѳткөн жылы бул наамды испандык Мирейя Лалагуна Ройо алган болчу. Ал быйыл таажыны Дель Валлеге кийгизди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Соңку эки жылдан бери бул конкурс канадалык Анастэйшей Линге байланышкан жаңжал менен коштолуп жүрөт. Бул жылы уюштуруучулар андан маалымат каражаттарына Кытайдагы адам укугу тууралуу сын айтуудан карманып туруу убадасын алышкан деп жазат Франс Пресс.

Ѳткөн жылы ал Кытайда өткөн конкурска катышуу укугун алып, бирок Кытай виза берүүдөн баш тарткан.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Анастэйшей Лин

Лин 1999-жылы Кытайда тыюу салынган диний Фалуньгун агымынын өкүлү эсептелет. Ал Канадага 2003-жылы келип, Кытайдагы адам укугуна байланышкан маселелерди көп көтөрөт. Анын ичинде Фалуньгун агымындагыларды куугунтуктоолор тууралуу айтат. Бирок Кытай бийликтери бул агымды секта деп атап, тыюу салган.