Алеппонун чыгышындагы эвакуация кайра жанданды

Алепподон адамдарды алып чыгуу операциясы 15-декабрда башталган.
Image caption Алепподон адамдарды алып чыгуу операциясы 15-декабрда башталган.

Сириянын Алеппо шаарынын чыгышында камоодо калган адамдарды эвакуациялоо кайра башталганын дарыгерлер менен байкоочулар билдирүүдө.

Жекшембиде кечинде Алеппонун чыгышынан 350 адам автобус менен чыгып кеткенин эвакуацияны координация кылып жаткан дарыгерлердин башчысы Ахмад аль-Дбис билдирди. Анын айтымында эвакуация болгон адамдар адегенде ХанАль-Асал районуна чыгарылып, андан кийин башка шаарларга же Идлиб провинциясына кетип жатышат.

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салуу борбору дагы өз кезегинде Алеппонун чыгышынан жекшембиде беш автобус жана тез жардамдын эки автомашинасы чыгып кеткенин ырастады.

Эвакуациянын жанданганын «Рейтер» агенттигине БУУнун Сириядагы өкүлү билдирген. Анын айтымында, Алеппонун чыгышынан биринчи топ жергиликтүү убакыт боюнча саат он бирлерде чыгып кетти.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши жекшембиде Алепподон жайкын тургундарды эвакуациялоо жөнундө резолюциянын долбоорун макулдашты. Бул маселе боюнча добуш берүү дүйшөмбүдө Нью-Йорк убактысы боюнча саат тогузда болот.

Алепподон адамдарды алып чыгуу операциясы 15-декабрда башталган. Ушул убактан тарта шаардын чыгышынан бир нече миң адам чыгып кетти.

Эвакуация кээде үзгүлтүккө учурап калып жатат, анткени Сириянын өкмөтү менен көтөрүлүшчүлөр ок атышуунун токтотуу шарттарын бузду деп бири-бирин күнөөлөп калып жатышат.

Алеппонун чыгышы төт жылдан бери көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө болуп келип, акыркы эки жылдан бери камоого алынууда. Сириянын бийликтери шейшембиде шаарды бүтүндөй каратып алышканын жарыялашкан эле. (KC)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар