Якутияда Ил-18 учагы авариялык конуу жасады

Ил-18 Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti
Image caption Учакта 32 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгон.

Якутиянын түндүгүндөгү Тикси аймагында Ил-18 учагы авариялык конуу жасады. 16 киши оор жаракат алганы кабарланууда.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат тараткан. Буга чейин каза тапкандар бар деп айтылган болчу. Бирок расмийлер бул маалыматты тастыктаган жок.

"Бардык жүргүнчүлөр жана экипаждын мүчөлөрү тирүү. 16 киши оор жаракат алган. Куткаруу кызматынын тик учактары аларды Тиксидеги дарылоо мекемесине алып келди»,-деп айтылды Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Учакта 32 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгон. "Учак Канск аба майданынан пландуу учуу жасаган»-деп билдирет Коргоо министрлиги. Болжолдуу маалыматтарга караганда учакта аскер кишилери болгон.

Якутиянын Булунск районунун күзөт кызматы Интерфакс агенттигине Тикси ооруканасына 20 жүргүнчүнү алып келишти, алардын алтоонун абалы оор деп билдирген.

Буга чейин учак кырсыкка учурап, каза тапкандар бар деп айтылган болчу. Жаракат алгандар, каза тапкандар боюнча ар кандай маалыматтар тараган.

Ил-18 учагы биринчи советтик лайнер эсептелип жүрөт. Ал 1958-жылы жана 1978-жылдары чыгарылган.