Орусиянын Түркиядагы элчиси өлтүрүлдү

Andrei Karlov Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Түркиядагы элчиси Андрей Карловко кол салуу болуп, ал курман болгонун тастыктады.

Андрей Карлов Сүрөт галереяда сөз сүйлөп жатканда белгисиз адам ок чыгарган. Элчиден тышкары бир нече адам жарадар болгону кабарланууда.

Кол салган адам Орусиянын Сириядагы аракеттерине нааразы болуп, бул кадамга барганы айтылууда.

Бир күн мурда Түркияда Орусиянын Сириядагы аба соккуларына каршы демонстрация өткөн.

Полиция куралчан адамды жок кылганын маалымдады.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Куралчан адам Сирия жана Алеппо шаары тууралуу кыйкырып, ок жаадырган
Сүрөттүн автордук укугу Burhan Ozbilici
Image caption Сүрөт галереядагы адамдар октун үнүн угуп, тизелеп отуруп калышкан
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Полиция тез жетип келип, аймакты курчоого алды

Андрей Карлов сөз сүйлөп жатканда, куралчан адамдын ок чыгарганын камера тартып алган. Ал "Алеппону унутпа, Сириянын унутпа", -деп кыйкырган.

Түркияда Орусияга каршы демонстрация өткөнү менен, Москва менен Анкаранын мамилеси оңолуп, Алепподогу эвакуация планы Орусия менен Түркия тарабынан иштелип чыккан.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар