Полиция: Берлиндеги трагедия атайын жасалган кол салуу болгон

оор жүк тарткан унаа Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Тергөө көрсөткөндөй Берлиндеги жаңы жылга арналган жармаңке учурунда оор жүк тарткан унаа элди тебелеп кеткени атайын жасалган кол салуу болгон дейт полиция.

Буга чейин полиция унаа ичинде жансыз табылган жүргүнчү Польша жараны болгонун билдирген эле. 19-декабарь күнү кечинде Берлиндин борборунда болгон бул окуядан 12 киши каза таап, 48 адам жаракат алган.

Германиянын Ички иштер министри Томас де Майзиер бул атайын жасалган чабуул экенине шек жок деп билдирген болчу. Полиция кызматынын "Твиттердеги" баракчасында жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалганын билдирди.

Аталган жармаңке Брейтшейдплатз аянтында өтүп жаткан. 50 адам ооруканага түшүп, кеминде төрт адам оор жаракат алды. "Фейсбукта" аман калгандарды тактоо баракчасы ачылды.

Германиянын DPA кабарлар агенттиги өлкөнүн коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө таянып, унаанын айдоочу Германияга Ооганстан же Пакистандан февраль айында башпаанек алуу үчүн келген деп жазды.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр оор жүк ташуучу унаа Польшада катталганын көрсөтүп турат. Унаа Польшада курулуш болуп жаткан жерден уурдалган болушу мүмкүн деди полиция. Унаанын ээси Ариель Зуравски айдоочусу саат төрттөн бери дайынсыз жок болгонун тастыктады. "Биз айдоочубуздан түштөн бери кабарыбыз жок",- деген ал AFP маалымат агенттигине берген маегинде.

Германиянын саясатчылары бул кайгылуу окуяны террористтик чабуул деп атоодон карманып турат.