Орусиялык тергөөчүлөр Түркияга жөнөп кетишти

Андрей Карлов Сүрөттүн автордук укугу RIA NOVOSTI
Image caption Дүйшөмбүдө Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов сүрөт көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жатканда белгисиз адам ок чыгарган.

Орусиялык оперативдүү тергөө тобу элчи Андрей Карловдун өлүмүн иликтөө үчүн Түркияга жөнөп кетти.

Топтун курамы 18 кишиден туруп, ага Тергөө комитетинин, ТИМдин өкүлдөрү жана "атайын мекемелердин өкүлдөрү кирди"деп билдирген орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Биргелешип иликтөө боюнча чечим Орусия президенти Владимир Путин менен түрк кесиптеши Режеп Тайип Эрдогандын телефон сүйлөшүүсүндө кабыл алынган. Ошондой эле Орусиянын Түркиядагы диполоматиялык мекемелеринде коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча сүйлөшүлгөн.

Эки президенттин сүйлөшүүсү элчинин өлүмүнөн кийин дароо эле болгон. Дүйшөмбүдө Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов сүрөт көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жатканда белгисиз адам ок чыгарган. Элчиден тышкары бир нече адам жарадар болгону кабарланган.

Ок чыгарган кишини 22 жаштагы, Анкара полициясынын атайын бөлүгүндө мурда кызмат өтөгөн Мевлют Мерт Алтынташ деп ырасташууда. Тартылып калган тасмада куралчан адам ок чыгарып, "Алеппону унутпа, Сириянын унутпа", -деп кыйкырган. Алтынташтын кандайдыр бир топко тиешеси болгону али тастыктала элек.

Эрдоган элге жасаган кайрылуусунда бул чабуулда Орусия менен Түркия ортосундагы мамилени кайрдан курчутуу аракети катары баалады. Орусиялык аскер учагы атып түшүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен мамиле жай айынан тарта калыбына келип жаткан.

Мындай билдирүүлөр Орусия президенти Путин жана Тышкы иштер министри Сергей Лавров тарабынан да айтылды.

Тема боюнча башка макалалар